wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Кыялга карай: "күн кызы" Розалиянын окуясы

Дүйнө жүзү боюнча ар бир 700-бала даун синдрому менен төрөлөт. Даун синдрому ата-эненин баласынан баш тартуусуна чейин алып барат. Бирок, ал оору эмес.  21-хромосома – жайыраак өнүгүү дегенди гана түшүндүрөт. Биз Даун синдрому менен жабыркаган кызынын ийгилигине көмөк көрсөткөн апа менен маектештик.

Кененирээк ...

Бул жылы өлкөдө республикалык тест тапшырууга 53 борбор уюштурулат. ВИДЕО

Бул жылы өлкөдө республикалык тест тапшырууга 53 борбор уюштурулат. Анын ичинде Ош шаарында жана жети облуста уюштуруу иштери жүрүүдө. Учурда мектептерде республикалык тестирлөөгө даярдыктар көрүлүп, ага катышууга арыздар кабыл алынууда. 

Кененирээк ...

Кара-Суу: Муратовдогу тургундар 40 жылдан бери таза суусуз күн кечиришүүдө.ВИДЕО

Кара-Суу районунун Мамат Муратов айылында кырк жылдан бери таза суу жок. Айылдагы 250 кожолук арыктардагы агынды сууну пайдаланышат. Каналдардагы суу токтоп калган учурда кошуна айылдардан ташып ичишет. 

Кененирээк ...

Ош облусунун ветеринардык абалы ЕАЭБ рыногуна чыгууга 90%га даяр

Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев 23-март күнү облустагы ветеринарга мотецикл тапшыруу аземинде билдирди.

Кененирээк ...

Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-мартта, өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Жолугушууда Кубатбек Боронов 4 үйдү басып калган жана бир үй-бүлөнүн курман болушуна алып келген жер көчкү болгон Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында жашаган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу Президентке айтып  берди. 

Кененирээк ...

Белгия менен Кыргызстандын кызматташтыгынын 25 жылдыгы белгиленди

25-мартта Белгия менен Кыргызстандын дипломатиялык кызматташтыгынын 25 жылдыгына арнап эки тараптын элчилиги Генк шаарында Нооруз майрамын белгилешти.

Кененирээк ...

Ош-Бишкек жолу убактылуу жабылды

Бүгүн, эртең мененки саат 06:00дөн тарта "Сосновка" жана "Арал" жол бекеттеринде баардык унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы билдирди. 

Кененирээк ...

Авиакырсык боюнча МАКтын иликтөөсү кандай чыкты?

Мамлекеттер аралык авиациялык комитети Дача-СУдагы учак кырсыгы боюнча алгачкы иликтөөсүн жарыялады. Ага ылайык, кырсык – учак командири учуу-конуу тилкеси менен байланыш болбой калган үчүн, экинчи айлампага өтүү боюнча буйрук бергенден кийин катталган. Тагыраагы, кыймылдаткычтардын ишин күчөткөн кнопка басылгандан үч жарым секунддан кийин учак кырсыкка кабылган.

Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79