wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Асел Бусурманкул кызы

Милиция аялдар кесиптик дараметин жогорулатышууда

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында милицияда иштеген аялдар билимин жогорулатып, сертификаттарга ээ болушту. 28-мартта башталган тренинг кечээ, 31- мартта жыйынтыкталды. Катышуучулар төрт күндүк окуу-курсунда жаңы мыйзамдарды өздөштүрүп, аналитикалык ой жүгүртүү, лидерлик сапаттарды арттыруу, гендердик зордук-зомбулук жана башка кылмыштардын алдын алуу боюнча билимин арттырышты. Кененирээк ...

Ынтымакка чакырган илимий конференция өттү

 Ош шаарында "Ыйман, адеп жана маданият" жылына жана 7-апрель Элдик революция күнүнө багытталган илимий конференция өттү. Иш-чара "коомдогу жаштардын адептүүлүгү, ыймандуулугу жана укуктук маданиятынын калыптанышы" деген темада болуп, ага  200 гө жакын студенттер келишти. Студенттер топторго бөлүнүү менен баяндама жасап, өз ойлорун ортого салды.

Кененирээк ...

Конфуций институтунун курулушу аяктоо алдында турат

ОшМУнун алдында ачылган Конфуций институтунун окуу имаратынын жана жатаканасынын курулуш аяктоо алдында турат. Окуу имаратынын ачылуу аземи май айларына пландаштырылууда. Курулуш 2016-жылдын май айында башталган. Учурда имараттагы бөлмөлөр эмеректер менен жабдыла баштады.

Окуу корпусу жатаканасы (жер төлөсү) менен биргеликте 6 кабаттан туруп, жер төлөдө чыгыш жана бий өнөрлөрүн үйрөтүүчү спорт залдар орун алат.

Кененирээк ...

Чек арага жакын айылдарда семинар-тренингдер башталды

 Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен чектешкен аймактарында толеранттуулук темасындагы семинар-тренингдер башталды. Семинар дин жана улуттар аралык толеранттуулук маселесин чагылдырууга, өлкөдөгү улуттар аралык процессти өнүктүрүү, туруктуу абалга келтирүүгө багытталган.

Кененирээк ...

Үч облустагы милиция аялдар билимин арттырып жатат

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында милиция тутумунда иштеген 80 аял үчүн окуу башталды. Алар жаңы мыйзамдарды өздөштүрүп, аналитикалык ой жүгүртүү, лидерлик сапаттарды арттыруу жана гендердик зордук-зомбулук, дагы башка кылмыштардын алдын алуу боюнча билимин арттырууда.

Төрт күндүк окуунун негизги максаты – милиция аялдардын кесиптик дараметин жогорулатуу.

Кененирээк ...

Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-мартта, өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Жолугушууда Кубатбек Боронов 4 үйдү басып калган жана бир үй-бүлөнүн курман болушуна алып келген жер көчкү болгон Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында жашаган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу Президентке айтып  берди.  Кененирээк ...

Эне тилди өркүндөтүүгө багытталган сынак өттү

Бүгүн Ош шаарында “Эне тилим-сыймыгым” деген аталышта сынак өттү. Ага Ош облусунун 7 районунан жана Өзгөн шаарынан  5-7-9-класстын окуучуулары,30 жашка чейинки жаш мугалимдер катышты. Сынактын шарты боюнча катышуучуулар бирден чыгарманы көркөм окуп, калыстар тарабынан берилген теманы чечмелеп айтып берүүсү кажет.

Кененирээк ...

Жалал-Абад милициясы карыяларга жардам көрсөтүүдө

Жалал-Абад ШИИБнин кызматкерлери бүгүн, 22-мартта шаардагы 20дан ашык улгайган адамдарга азык-түлүк таратты. Алар колдоого муктаж адамдардын тизмесин алдын ала аныктап, жаз майрамында кубаныч тартуулоону максатташкан. Кененирээк ...

Ош шаарында жаш таланттар арасында сынак өттү

Оштогу “Келечек“ балдардын чыгармачылык борборунда аймактар аралык ыр жана бий сынагы өттү. Салтка айланган сынакка Ош облусундагы 7 райондон тандалган таланттуу жеткинчектер чакырылган.

Кененирээк ...

ОшМЮИда Нооруз майрамын белгилешти

Жогорку окуу жайдын короосу улуттук калоритте кооздолуп,  бул жерде атайын кыргыз элине таандык этношаарчасы жасалгаланды. Шаарчада кыргыздын боз үйлөрү катарлаштыра тигилип, аларда Нооруздун майрамдык дасторкону кенен жайылып, улуттук тамактар коюлду. Көктөм майрамынын символу болгон сүмөлөк да кайнатылды.

Майрамдык салтанатты ОшМЮИнин ректору, юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов куттуктоо сөзү менен ачып, каалоо-тилектерин  билдирди. Андан кийин «Алас-алас» айтып, ысырыгын түтөткөн Умай эненин жергебиз ар кандай зыян-кырсыктан алыс болуп, арылып, жаңырган жылда жалаң жакшылыктар келишин ниет кылган тилектери жаңырды.  Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79