wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Мырзайым Жаныбек кызы

Өзгөн: көчкү алдында калган үй-бүлө табыла элек

Өзгөндүн Зергер айылында жер көчкү алдында калган бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүн издөө иштери убактылуу токтотулду. Буга көчкүнүн дагы кайталышыны себеп болду, - деп билдиришти ӨКМден.

Кененирээк ...

РФтеги мигранттар иш берүүчүлөрдөн 19 млн рублдай акчасын ала албай жатышат

Бул КРнын Миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнө айлыгын ала албай кайрылган жарандардын арыздарын топтоштургандагы жалпы сумма. Ушул жылдын январь-февралында эле өкүлчүлүккө 362 жаран кайрылып, алар иш берүүчүлөрдөн өндүрө албай жаткан маяна акысы 18 млн 900 миң рублди түзгөнү аныкталды. Азырынча 3,7 млн рубли кыргызстандык жумушчуларга кайтарылды.

Кененирээк ...

Казакстан Алмазбек Атамбаевдин "Евроньюска" берген маеги боюнча нота жиберди

21-февралда Казакстандын тышкы иштер министрлигине КРнын иштеринде убактылуу ишенимдүү өкүл Кайнарбек Токтомушевди чакырышып, ага нота тапшырышты. Коңшу өлкөнүн ТИМи маалымдагандай, нотада Euronews телеканалынын эфиринде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин айтканына “таң калуу жана макул эместик” билдирилген.

Кененирээк ...

Түптө өспүрүм кар көчкү алдында калды

Мал айдап чыккан эки баланын бирөө аман калган. Кененирээк ...

Кадамжай 8-класстын окуучусу классташын өлтүргөн деп шектелүүдө

Өспүрүмдөр айыл четиндеги ээн талаада мушташып, бири экинчисин өлтүрүп алган.    

Кененирээк ...

Баткен, Жалал-Абаддын аэропортуна жакын жердеги үйлөр мыйзамсыз курулган

Турак-жай курууга жер тилкелерин жергиликтүү бийлик мыйзамсыз бөлүп бергенин Башкы прокуратурадан билдиришти. Кененирээк ...

Авиакырсыктан набыт кеткендердин саны 40ка жакындады. Жаңыланып турат

Саат 12:30га алынган маалымат боюнча авиакырсык курмандыктарынын саны 37ге жетти, анын ичинде төртөө экипаж мүчөлөрү. 31 кишинин сөөгү, 9 адамдын дене мүчөлөрү табылды.

Кененирээк ...

Мамипотекадан үй алгандарга караганда баш тарткандардын саны 2 эсе көп

Жеткиликтүү турак-жай программасынын катышуучуларынын 552си ипотекага үй алды. Бирок 1476 жаран программадан баш тартты. Бул тууралуу өкмөт өкүлдөрү бүгүн парламенттик жыйында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдиришти. Кененирээк ...

Айыл өкмөттөрдүн 82%ы дотацияда калууда

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште бюджетти талкуулоо боюнча жыйында белгилүү болду.

Кененирээк ...

Оштук дарыгер Американын жаранына «өлдү» деп документ жасап берген

АКШнын 31 жаштагы жараны, түбү өзбекстандык И.А. өз өмүрүн Америкада 1 млн долларга камсыздандырган. Кийин ал “өлгөндүгү” тууралуу документти Ош облусунан жасатып, туугандары камсыздандыруу төлөмдөрүн талап кылууга киришкен. Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79