wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында милицияда иштеген аялдар билимин жогорулатып, сертификаттарга ээ болушту. 28-мартта башталган тренинг кечээ, 31- мартта жыйынтыкталды. Катышуучулар төрт күндүк окуу-курсунда жаңы мыйзамдарды өздөштүрүп, аналитикалык ой жүгүртүү, лидерлик сапаттарды арттыруу, гендердик зордук-зомбулук жана башка кылмыштардын алдын алуу боюнча билимин арттырышты.

Милицияда эмгектенген аялдарды окутууну БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы колдоого алган. Семинардын максаты - милициядагы аял кызматкерлердин кесиптик дараметин жогорулатуу.

Иш-чара жыл сайын өткөрүлүп келет. Бир айдан кийин Ысык-Көлдө өлкөнүн түндүк аймактарындагы укук коргоочу аялдарды окутуу башталат.

Другие материалы в этой категории: « Ынтымакка чакырган илимий конференция өттү

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79