wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

 Ош шаарында "Ыйман, адеп жана маданият" жылына жана 7-апрель Элдик революция күнүнө багытталган илимий конференция өттү. Иш-чара "коомдогу жаштардын адептүүлүгү, ыймандуулугу жана укуктук маданиятынын калыптанышы" деген темада болуп, ага  200 гө жакын студенттер келишти. Студенттер топторго бөлүнүү менен баяндама жасап, өз ойлорун ортого салды.

Анда негизинен укуктук аң-сезимдин, тартип жана укуктук маданиятын ролу тууралуу сөз болду. Ошондой эле, ыйман, адептүүлүк, тарбия башаты тууралуу жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына студенттердин көз карашы айтылып, мамлекеттин өнүгүшүндөгү тарыхтын жана маданияттын орду тууралуу темалар каралды.

Уюштуруучулардын айтымында, конферециянын негизги максаты түштүк аймагындагы жалпы ЖОЖдордун студенттеринин биримдигин, ынтымактыгын чыңдоо.

Иш-чара Кыргыз-Өзбек университетинин юридика- бажы факультети тарабынан демилгеленип, уюштурулду.   

Последнее изменение Суббота, 01-апреля, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79