wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

ОшМУнун алдында ачылган Конфуций институтунун окуу имаратынын жана жатаканасынын курулуш аяктоо алдында турат. Окуу имаратынын ачылуу аземи май айларына пландаштырылууда. Курулуш 2016-жылдын май айында башталган. Учурда имараттагы бөлмөлөр эмеректер менен жабдыла баштады.

Окуу корпусу жатаканасы (жер төлөсү) менен биргеликте 6 кабаттан туруп, жер төлөдө чыгыш жана бий өнөрлөрүн үйрөтүүчү спорт залдар орун алат.

Ал эми 1-кабаты заманбап конференц залга ыңгайланышса, андан жогорку кабаттар тилди жаңы технологиялар менен үйрөтүүчү лингафондук бөлмөлөр, мультимедиялык залдар, заманбап техникалар менен камсыздалган аудиториялар менен толукталат.

IMG_0360.jpg

Алты кабаттуу жатаканада студенттер, магистранттар, чет өлкөдөн келген окутуучулар үчүн бардык шарттагы конок үйлөрү жайгашуусу пландалган. Ошондой эле, боз үй тибиндеги жатакананын эң үстүнкү бөлүгүндө жаңы типтеги конференц зал орун алмакчы.

_DSC1722.jpg

Курулуш иштери менен университеттин ректоратынын өкүлдөрү жана Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Сун Лицюнь да таанышып чыкты. Бул демилге КЭРнин Ханьбань Конфуций институттарынын башкы башкармалыгы тарабынан 800 000 доллар грант бөлүнүүсүнүн негизинде ишке ашууда. Учурда курулуш ишин ОсОО "Элитстрой" курулуш компаниясы (тендерден утуп алган)  жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, учурда Конфуций институтунда (колледж менен бирге) 500 студент билим алат.

Последнее изменение Суббота, 01-апреля, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79