Эми мөөнөтүнөн мурда өзүн-өзү таркаткан шаардык кеңеш БШКга кат жолдойт. Анын негизинде жаңы чакырылыштагы депутаттарга шайлоо белгиленет.
Мыйзамга ылайык, буйрукка президент кол койгондон 45 күн өткөдө кайрадан шайлоо болот. Өлкөдө быйыл мөөнөтүнөн мурда өзүн-өзү тарткаткан 19 жергиликтүү кеңеш катталса, Жалал-Абад жыйырманчы болуп алардын катарын толуктады. Жогоруда айтылган жергиликтүү кеңештерге шайлоо 28-майда өткөрүлөт. БШКнын аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Жалал-Абад шаарында да шайлоо ошол күнгө белгилениши мүмкүн.