Версия для печати

Өзгөндүн Ничке-Сай айылында жер көчкү алдында калган жарандардын баарынын сөөктөрү табылды. Акыркы издөөдөгү жарандын денесин 31-мартта таап чыгышты. 

26-мартта, Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү катталып, бир үй-бөлүнүн алты мүчөсүн басып калган. Ошол эле аймакта көчкү коркунучу жогору болгондуктан 34 үй-бүлө коопсууз жайга көчүрүлгөн. Аларга ӨКМ тарабынан чатырлар тигилген.

Учурда жер көчкү коркунучу Алай районунун айылдарында да күч болууда. Анда райондун эки айылынан 10го жакын турак-жай ээлери убактылуу көчүрүлгөн.