wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

30-мартта, Ош шаарында бош орундар боюнча жарманке уюштурулду. Анда өлкө боюнча алынган 4 500дөн ашуун бош орундар жумуш издегендерге сунушталды. Иш-чаранын негизинде 22 жаран жумуш менен камсыз болду. 

Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан кабарлашкандай, жарманкеде 36 ишкана жумуш орундарын сунушташты. 22 жаран ишке алынып, дагы 207 адамдын резюмеси кабыл алынды.

Иш-чараны Ош МУ менен Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы уюштурушту. Максаты жумушсуздарды иш менен камсыз кылуу жана жарандар менен мекемелер ортосунда байланыш түзүп берүү.

Аталган башкармалык мекемелер менен макулдашып, бош орундарды коомчулукка жарыялап келет. Мындай иш-чара калаада ар жылы уюштурулат.


Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79