Версия для печати

Сузак районунун Кыз-Көл айылында жер көчкү коркунучу пайда болду. Болжол менен 72 куб метр көчкү түшүп, төрт турак-жайга жакындаган. Мындан улам төрт үй-бүлө мүчөлөрү убактылуу туургандарынын үйүнө көчүрүлдү. 

Жер көчкү суунун нугун да тосуп калган. Адистер тарабынан суу ачылып, аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Фото МЧС Кыргызстана.

30-мартта, Алайда көчкүнүн сүрүлүүсүнөн 42 тургун коопсуз аймакка көчүрүлгөн. ӨКМнен кабарлашкандай, жер көчкү райондун Мурдаш айылында катталууда.

Фото МЧС Кыргызстана.

27-мартта, Алайдын Будалык айылында да жер көчкүнүн сүрүлүүсү байкалган. Жер көчкү беш үйгө кооптуулук жараткан. Мындан улам төрт турак жайдын жашоочулары туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

Фото МЧС Кыргызстана.

Жаз айынын башталышы менен эле бир катар аймактарда жер көчкү коркунучу жанданууда. 22-мартта Папан аймагында да жер көчкү коркунучу пайда болгон. Адистер аймактарда аныктоо иштерин жүргүзүшүүдө.