wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

30-мартка чейин өлкө боюнча 320 миңдей жаран бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Калгандар бүгүн, 31-март кечке чейин тапшырса болот. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп, алдыда тапшырууга убакыт берилбейт. 

Салык кызматындагылар декларацияны түнкү саат 12 чейин кабыл алып жатышат. Бирок өнөктүккө катышуучулардын саны аз болууда. Мындан улам тургундарды белгиленген убакыт ичинде тапшырууга чакырып жатышат.

Ош шаардык салык кызматынын сектор башчысы Асылбек Абдырай уулунун айтымында, өткөн жылдары 1-апрелге чейин жарандардын 90 пайызы декларацияны тапшырып бүтүшчү. Бул жылы өнөктүк солгун жүрүүдө.

Бирдиктүү салык декларациясы ишкерликтин жалпы түрүнө өткөн жылы киргизилген. Анда көмүскө экономиканы аныктоо жана ал үчүн мамлекетке салык төлөө негизги максат болгон. 


Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79