wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Ош облусунун аймагында жер көчкү коркунучу жогору болуп жатат. Алайда көчкүнүн сүрүлүүсүнөн 42 тургун коопсуз аймакка көчүрүлдү. ӨКМнен кабарлашкандай, жер көчкү райондун Мурдаш айылында катталууда. 

Аймактагы тургундарга жер көчкү коркунучу бар экени тууралуу 2011-жылы эскертүү берилген. Жалпы 16 турак-жай жайгашса, анын тогузу көчүп кеткен. Калган 7 үй ээлери учурда көчүрүлдү.

27-мартта, Алайдын Будалык айылында да жер көчкүнүн сүрүлүүсү байкалган. Жер көчкү беш үйгө кооптуулук жараткан. Мындан улам төрт турак жайдын жашоочулары туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн..

Жаз айынын башталышы менен эле бир катар аймактарда жер көчкү коркунучу жанданууда. 22-мартта Папан аймагында да жер көчкү коркунучу пайда болгон. Адистер аймактарда аныктоо иштерин жүргүзүшүүдө.  


Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79