wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

27-мартта, Алайдын Будалык айылында жер көчкүнүн сүрүлүүсү байкалды. Жер көчкү беш үйгө кооптуулук жараткан. Мындан улам төрт турак жайдын жашоочулары туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлдү. 

ӨКМнен маалымдашкандай, турак-жайлардын биринде эч ким жашабаганы аныкталды. Жер көчкү 1998-жылы пайда болуп, учурда кайрадан жанданган. Азыркы убакта аймакта адистер тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Жаз айынын башталышы менен эле бир катар аймактарда жер көчкү коркунучу жанданууда. 22-мартта Папан аймагында да жер көчкү коркунучу пайда болгон. Адистер аймактарда аныктоо иштерин жүргүзүшүүдө.  

Сүрөттө: Папан аймагындагы жер көчкү


Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79