wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Өзгөн районунун Ничке-Сай айылында Жер улам сүрүлүп жатканына байланыштуу тургундар чатырларга жайгаштырылып жатат. ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кечээ 10 орундуу 30 чатыр тигилди.

Ошондой эле гигеналык каражаттар жеткирилген. Ал жерде азыр 50дөн ашуун куткаруучу иштеп жатат.

Эскерте кетсек, 26-марттын түнүндө айылдын Топ-Жаңгак участкасында узундугу болжол менен 800 метр, бийиктиги 4-15 метр жер көчкү жарым чакырымга сүрүлгөн. Мында жайгашкан беш үйдүн төртөө көчкү алдында калды. Үч турак-жайда эч ким жашаган эмес. Көчкү алты адам жашаган бир үйдү басып калды.

Кечээ жердин кыймылы үч ирет кайталангандыктан издөө-куткаруу иштери токтотулган. Маркумдардын сөөгү табыла элек. 

Последнее изменение Вторник, 28-марта, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79