wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Өзгөндүн Шералы айылында 10 жылдан бери таза суу чыкпайт. Себеби суу куурлары совет доорунан бери жаңыланбай калган. Учурда мүмкүнчүлүктөрү барлар жер астынан суу тарттырып ичишет. Ал дагы узак дегенде 2 саат гана чыгат.

Айылда 50 кожолук бар. Жергиликтүүлөр суу боюнча эл аралык донорлор менен кызматташып, ал өз жемишин бере баштады.Тагыраагы, айылга  скважина  курулууда. Мында секундасына жер астынан  11 литр  таза суу тартып чыгарууга жол ачылат. Ошондо ичүүчү сууга жетпеген 50 кожолуктун жана мектепттин суу  маселеси оң жагына чечилип калат.

Курулушка “Ага Хан” фонду “Бирге” долбоорунун алкагында 985 миң сом ажыратып берген. Ал эми калган 75 миң сомду айыл өкмөт кошумчалады.

Последнее изменение Понедельник, 27-марта, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79