wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Өзгөндүн Зергер айылында жер көчкү алдында калган бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүн издөө иштери убактылуу токтотулду. Буга көчкүнүн дагы кайталышыны себеп болду, - деп билдиришти ӨКМден.

 26-марттын түнүндө айылдын Топ-Жаңгак участкасында узундугу болжол менен 800 метр, бийиктиги 4-15 метр жер көчкү жарым чакырымга сүрүлгөн. Мында жайгашкан беш үйдүн төртөө көчкү алдында калды. Үч турак-жайда эч ким жашаган эмес. Көчкү алты адам жашаган бир үйдү басып калды, экинчи тамдагы жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлдү.

Алдын ала маалымат боюнча көчкү баскан үйдө алты адам - жубайлар жана алардын төрт баласы калган: 

1. Эгемкулов Өмүрзак Амиракулович, 1988-жылы туулган (үй ээси);

2.Сулайманова Гүлайим, 1989- жылы туулган (аялы);

3.Амиракулова Аксана, 2010- жылы туулган (кызы);

4.Амиракулова Айгерим, 2011- жылы туулган (кызы);

5.Амиракулов Жыргал, 2013- жылы туулган (уулу);

6.Амиракулова Раяна, 2015- жылы туулган (кызы).

Алгач каза болгондордун катарында үй-бүлөнүн дагы бир тууган адамы болушу мүмкүн экени айтылып жаткан. Бирок ал 25-мартта эле өз үйүнө кайтканы кийин белгилүү болду. 

ӨКМ тактап өткөндөй, көчкү алдында калган үйдө мурда Өмүрзак Эгемкуловдун ата-энеси жашап келген. 1996-жылы алар турган жер кооптуу деп табылып, үй-бүлө көчүрүлгөн. Өмүрзак Эгемкуловдун атасы Амиракул Эгемкулов өкмөттөн ссуда алып, Ничке-Сай дарыясынын башка жээгине көчүп кеткен. Эски үй бузулган эле. Бирок 2010-жылы Өмүрзак Эгемкулов атасынын эски үйнүнүн ордуна эки бөлмөлүү үйдү мыйзамсыз тургузуп, үй-бүлөсү менен ошол жакта жашап жаткан. 

Көчкү жүргөн аймакта куткаруу кызматынан 40тай адам иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, өкмөттүн Оштогу өкүлү Таалайбек Сарыбашев Топ-Жаңгакка жөнөп кетишти. 

Маалымат үчүн: Өзгөн шаарынан көчкү жүргөн  Топ-Жаңгак участкасына чейинки жол 31 чакырымды түзөт, анын ичинен 5 чакырым аралыкка унаа бара албагандыктан, жөө же атчан баруу керек.

 

Последнее изменение Понедельник, 27-марта, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79