wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Мындай жеңилдик эки өлкөнүн жарандарына гана берилди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Казакстан жарандарынын эки өлкө аймагында болуу тартибин жөнгө салууга багытталган эки тараптуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды”,-деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, Казакстандын аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандары, Кыргызстандын аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандары 30 күнгө чейин турган жериндеги ыйгарым укуктуу органдарда катталуу милдетинен бошотулат. Бул протоколго 2016-жылдын 17-октябрында Астана шаарында (Казакстан) кол коюлган.

Эки тараптуу протоколду ратификациялоо терс социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Ошондой эле мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.

Последнее изменение Четверг, 09-марта, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79