wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Мындай сунушту депутаттар билдирип жатканын ЖКнын маалымат кызматынан билдиришти.

“Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга мектепке чейинки жана билим берүүчү уюмдардын жетекчилерин бир мекмеге дайындалган учурдан тартып, кызмат ордунда иштөөдө 6 жылдан ашпаган мөөнөт белгиленсин деген өзгөртүүлөр сунушталууда. Ошону менен катар педаогогикалык иштин натыйжалуулугу атайын аттестациялоонун жыйынтыгы менен бааланат. Ошого жараша ар бир адис кызматынан жогорулайт, же аттестацияны жакшы тапшыра албай калса кызматынан бошотуу маселеси да каралат”,-деп айтылат маалыматта.

Окуучунун ата-энесинин социалдык абалын эске алуу менен жылына билим берүү түзүмдөрүнүн бирдиктүү төгүмдөрүн аныктоо жагдайлары да жолго салынганы турат. Мисалы, Бишкек шаары үчүн 1200 сом деп белгиленүүдө.

Билим берүү мекемелеринде шашылыш линиясы менен ишеним телефондорун жана коррупцияга каршы атайын дубал газеталарын көз көрүнө жерге жайгаштыруу тапшырмалары да берилүүдө. Эми ушул берилген тапшырмалардын жалпы жыйынтыгы ушул 2017-жылдын 15- июнуна чейин тармактык комитетке маалымдалсын деген чечим кабыл алынды.

Жумушчу топтун курамына депутаттар Е.Строкова, А.Токторов кирген. Аны тармактык комитеттин төрайымынын орун басары Т.Икрамов жетектейт.

Сүрөт: www


Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79