wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы диаспорасы Дубайдагы эл аралык көргөзмөдө 1-орунду алды. Бул тууралуу КРнын ТИМнин маалымат департаменти yntymak.kg сайтына билдирди.

“Fashunity 2017” көргөзмөсү ушул жылдын 23-25-февраль күндөр аралыгында Дубай (БАЭ) шаарында өткөн. Саамалык Дубай эмирлигинин ислам иштери жана кайрымдуулук Департаменти менен Мохаммед бин Рашид Шейхинин ислам маданий борборунун колдоосу астында уюштурулган.

Иш-чарага БАЭ, Англия, Индонезия, Филиппин, Украина, Казакстан, Эфиопия, Венесуэла, Перу, Пакистан, Кытай, Бразилия, Колумбия, Индия, Кыргызстан, Мексика, Аргентина, Чили, Эквадор сыяктуу жалпы 21 өлкө катышкан. Анда ар бир өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын павильону улуттук кийим, тамак-аш, каада-салт, кол өнөрчүлүктү даңазалаган буюмдар менен жасалгаланган.

“Үч күндүк көргөзмөнүн жүрүшүндө калыстардын биргеликтүү чечими менен Кыргызстандын жогорку деңгээлдеги  даярдыгы, өлкөнү туристтик потенциалга тете тааныштыруу, маданиятты мыкты чагылдыруу жана келгендерди кызыктырууда алдына эч кимди салбагандыгы үчүн 1-орунду ыйгарышты”-деп айтылат билдирүүдө.

Последнее изменение Среда, 01-марта, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79