wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 28-февралда юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү экенин эскертет. МСКнын маалымат кызматы ушул себептүү юридикалык жактарга бүгүн түнгө дейре бирдиктүү салык декларациясын тапшырууну өтүнөт.

“1-мартка чейин юридикалык жактар салык башкармалыктарына 2016-жылдагы киреше булагы, экономикалык ишмердүүлүгү, жер үлүшү, мүлкү тууралуу маалыматтарын берүүсү керектиги белгиленген. Кабыл алуу бүгүн саат 00:00 гө чейин жүргүзүлөт. Декларация белгиленген мөөнөтүнө чейин (1-март) берилбесе, мыйзамдын негизинде 5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат”,-деп айтылат маалыматта. Маалымат кызмат бардык маалыматтарды 194 номери жана www.sti.gov.kg сайты аркылуу алуу мүмкүндүгүн кошумчалайт.

Эске салчу жагдай, жеке жактардын (жарандардын) салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү ушул жылдын 1-апрелине чейин. Салык декларациясын маалында тапшырбаган жеке жактарга 2 миң сом айып пул салынат.

Мамлекеттик салык кызматы учурда ар күнү саат 00:00 гө дейре маалымат кабыл алып жатканына карабай өлкө боюнча декларация тапшыруу солгун жүрүүдө деп билдирүүдө. 

Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу 2004-жылдан тарта башталган. 

Последнее изменение Вторник, 28-февраля, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79