wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

21-февралда Казакстандын тышкы иштер министрлигине КРнын иштеринде убактылуу ишенимдүү өкүл Кайнарбек Токтомушевди чакырышып, ага нота тапшырышты. Коңшу өлкөнүн ТИМи маалымдагандай, нотада Euronews телеканалынын эфиринде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин айтканына “таң калуу жана макул эместик” билдирилген.

Документте азыркы күнгө чейин болгон ар кандай деңгээлдеги жолугушууларда расмий Бишкек “блокада жана адам курмандыктары” тууралуу бир да жолу маселе көтөргөн эмес деп белгиленет.

“Мурдараак кыргыз жетекчилери 2010-жылдагы окуядан кийин мамлекетте абалды жайгарууда Казакстандын ролун белгилеп келген. Ушундай эле бааны көп эл аралык түзүмдөр беришкен”, - деп айтылат ТИМдин маалыматында.

"Расмий Астананын бул маселе боюнча позициясы 2010-жылдын 19-майында эле белгиленип, каргашалуу окуянын биринчи күнүнөн Казакстан боордош элине колдоо көрсөткөн: гумжардам жиберилип, эл аралык жүк ташууларга, окуучу жана студенттердин жүрүүсүнө тоскоолдук жараткан эмес.

ЕККУнун төрагасы болуп турган Казакстан Кыргызстандагы чыңалууну басаңдатып, саясий сүйлөшүүлөрдө колдоо көрсөттү.

2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин Казакстан кошуна өлкөгө күйүүчү май, үрөөн жөнөттү, жалпысынан 11,6 млн долларлык гумжардам берилди", - деп белгиленет нотада. 

Нотанын аягында Казакстан эки эл ортосунда  боордоштук мамилени, эки өлкө ортосундагы кызматташтык боюнча Келишимдерди карманаарын белгиледи.

Эске салсак, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Евроньюска берген интервьюсунда 2010-жылдагы апрель окуясы маалында Казакстан чек араны жаап салганы тууралуу айткан. 

Последнее изменение Среда, 22-февраля, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79