Версия для печати

 Салык кызматы февралдын аягына чейин бирдиктүү салык декларациясын түнгө чейин кабыл алат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

 

"Үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар 2016-жылы алынган кирешелер, жер тилкелери жана мүлктөрү тууралуу салык органдарына отчет бериши керек", — деп жазылат маалыматта.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом, ал эми юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

 Декларациялык кампания тууралуу толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Сүрөт: www

Последнее изменение Среда, 22-февраля, 2017