wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Буга соода жүгүртүүнүн көлөмү азайганы себеп. Коңшу Казакстан мурункудай дүңүнөн товар албай, ишкерлердин кирешеси төмөндөгөн. Бул салык кызматынын 2016-жыл жыйынтыгы жана 2017-жылга карата милдеттери боюнча өткөрүлгөн коллегиялык жыйынында маалым болду.

"Дордойдогу" жагдай Свердлов районунун казынасына таасирин тийгизгенин мамлекеттик салык кызматынын Свердлов районундук бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Арыкбаева билдирди.

“Жылына 390 миллион сом “Дордой” базарынан түшчү. Бул сумма 2015-жылы 3 миллионго азайса, 2016-жылы 14 миллионго азайган”,- деди  Арыкбаева.

Буга Евразиялык экономикалык биримдиктин да таасири бар. Алдын ала экспорт-импорт көлөмү такталбай, аткезчилик күчөгөн. Жыйынтыгында салыктын көлөмү азайганы жыйындын жүрүшүндө сөз болду.

Эскерте кетсек, буга чейин “Дордой” базарындагы 6 миң контейнердин соода жоктугуна байланыштуу жабылганы маалымдалган. Көп өтпөй эле “Дордой” соода-рынок комплексинин профсоюздук комитетинин төрайымы Дамира Дөлөталиева жогорудагы маалыматты четке каккан эле. Сооданын начарлашы сезондук эле процесс деген ал. 

Последнее изменение Понедельник, 20-февраля, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79