wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Ушул жылдын 13-февралынан тарта паспортторду тез арада даярдап берүү кызматына жаңы баалар белгиленди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

КР жарандарына тез арада документ берүү боюнча баалар эми төмөндөгүдөй:

ID-карталарды даярдоо:

  • 2 күн - 1107 сом;
  • 4 күн - 1007 сом;
  • 8 күн -906 сом.

Жалпы жарандык паспортту даярдоо:

  • 2 күн - 2013 сом;
  • 4 күн - 1762 сом;
  • 8 күн -1510 сом.

Эске салсак, ушул жылдын 4-январында КР жарандарынын паспортун даярдоо наркы убактылуу арзандатылган эле.

13-февралдан тарта Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментинин акы алынуучу кызматтарына жаңы баалар коюлду.

Бишкек, Ош шаарларында арыз берүүчүнүн каалоосу менен  ЗАГС бөлүмдөрүнүн имаратынан сырт жерде никеге каттоо салтанатын өткөрүү – 4 387 сом;

Ош шаарында кайрылуучунун арызы менен никеге каттоо салтанатын Бакыт үйүндө өткөрүү – 1680 сом. Бишкек шаарында ушул эле кызмат үчүн 2 097 сом алынат.

Ал эми райондук ЗАГС бөлүмдөрүндө никеге каттоо салтанаты 556 сомго, бөлүмдөн сырткары жерде 1 265 сомго түшөт.

Булак: Заноза


Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79