wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Кыргызстанда зордук-зомбулукка кабылган аялдардын басымдуусу укук коргоо же медициналык мекемелерине караганда кризистик борборлорго 2-3 эсе көп кайрылат. Мындан улам кризистик борборлорго каржылык колдоо көрсөтүү боюнча мыйзам долбоору демилгеленди. Ал өтүп калса, өкмөт жыл сайын 25 млн сомдон ушул тармакка ажыратат.

Аталган мыйзам долбоору жана жалпы эле аядарга карата зордук-зомбулук маселелси өткөн ишембиде Ош шаарында талкууланды. Ага ЖК депутаттары, жергиликтүү бийликтин жана аялдардын көйгөйлөрү менен иштеген уюмдардын өкүлдөру катышышты.

“Менталитеттик өзгөчөлүгүбүзгө жараша, көпчүлүк зордук-зомбулуктун курмандыктары, айрыкча аялдар көргөн кордуктары тууралуу ачык айтуудан тартынышат.Бирок, мындай учур алыс калды. Биз эми демократиялуу-эркин коомдун жарандары катары үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы биргелешип күрөшүшүбүз керек”, – деди депутат Ирина Карамушкина.

Эл өкүлү Рада Туманбаева болсо Кыргызстандагы аялдардын 58%ы, жаш балдардын  18%ы, кары- картаңдардын 15%ы, эркектердин 7%ы жабыркаарын кошумчалады.

Ош шаарындагы “Аялзат” коомдук уюмунун жетекчиси Наргиза Эштаеванын айтымында, зордук-зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү кризистик борборлорго кайрылышат. Тагыраагы, 2015-жылдын статистикасы боюнча Ички иштер министрлигине кордук көргөн 3524 аял кайрылса, республикадагы саламаттыкты сактоо мекемелерине 5661 зордук-зомбулуктун курмандыгы катталган. Ал эми кризистик борборлорго 2015-жылы 8458 аял жардам сурап келген.

Буга байланыштуу жакында эле Жогорку Кеңеште 2-окуудан өткөн үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы кризистик борборлорду каржылык колдоо багытындагы мыйзам долбоорунун зарылчылыгы коомдук угуу учурунда дагы бир жолу белгиленди. Аталган мыйзам кабыл алынып калса, кризистик борборлорду колдоо үчүн мамлекеттик бюджеттен жыл сайын 25 млн сом бөлүнүшү керек.          

  Сүрөт: Азаттык үнү


Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79