wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Ош шаарында бала бакча тартыштыгынын айынан жеткинчектердин 44%ы гана мектепке чейинки билм берүү мекемесине барат.

Бул туурасында шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эки жыл мурун бакча жашындагы балдардын 30%ы гана бакча менен камсыздалчу. 2014-жылдан тарта 7 бала бакча курулуп, 625 бала мектепке чейинки билим берүү мекемесине тартылды.

Мэриянын маалымат катчысы Гүлжамал Жороева кошумчалагандай, 2010-14-жылдар аралыгында Ош шаарында бир да жаңы мектеп же балдар бакчасы курулуп, пайдаланууга берилген эмес. 3 жыл аралыгында 740 орундуу 1 мектептин 625 орундуу 7 бала бакча курулду. Ошондой эле 27 спорттук жана балдар аянтчалары курулду.

Учурда дагы 2 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

Последнее изменение Пятница, 03-февраля, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79