wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Түндө Жалал-Абаддын Сузак районунда өткөн рейдде сим-карта сатып жүргөн өспүрүмдөр кармалды. Жашы жете электердин коопсуздугу үчүн милиция алардын ата-энеси, иш берүүчүлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Түнкү убакта сим-карта сатып жүргөндөр Жалал-Абад шаарындагы мектептерде билим алаары аныкталды. Алардын эң кичүүсү 7-класста окуйт.

“Жашы жете электер боюнча протокол түзүлүп, ата-энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. О! компаниясынын эки кызматкеринен (супервайзер) түшүнүк кат алынды”, -деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБден.

Компания өкүлдөрү балдарды ата-энесинин уруксаты менен жумушка алышканын белгиледи. Өспүрүмдөр болсо түнкү саат 10-11ге чейин сим-карта сатышаарын айтышты.

“Кандай учур болбосун балдардын коопсуздугу бакшкы орунда экенин чондорго жеткирүүгө аракет көрүлдү”, -деп кошумчалашты милициядан.

Последнее изменение Среда, 25-января, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79