wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жарандарды коопсуздук чараларын сактап, этият болууга чакырат. Билдирүүдө мындай кадам Германия менен Түркиядагы террористтик актылардын улам жасалып жатканы айтылууда.

“Акыркы убакта болуп өткөн террордук окуялардан улам коопсуздукту сактап, көчөдө, транспортто абайлап жүрүүгө, сак болууга, ошондой эл көп топтолгон жерден оолак болууга чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында Берлин шаарынын чок ортосунда жүк ташуучу унаа топтошуп турган адамдарды тебелеп кеткен. Анын кесепетинен 12 киши каза болуп, 50 адам ар кандай мүнөздөгү жаракат алышкан. Ал эми Түркияда көргөзмөгө келген Россиянын элчиси Андрей Карловду көз көрүнөө атып кетишкен.

Булак: sputnik.kg

Последнее изменение Понедельник, 26-декабря, 2016

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79