wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom
×

Предупреждение

JUser: :_load: Не удалось загрузить пользователя с ID: 464

Былтыр Кыргызстанда аскер кызматын өтөп жаткан 10 жоокер каза тапты. Бул расмий статистика экенин "Азаттыкка" "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.  Анын айтымында, 2014-жылы 13 аскер мерт болгон. Ал эми 2012-2013-жылдары 39 жоокер өмүрүнөн ажыраган.  Дээрлик бардык фактылар боюнча иликтөө жүргүзүлүп, көбүнчө алар өз жанын өзү кыйган деген тыянак чыккан. "Бирок бир да ата-эне мындай бүтүмгө макул болгон эмес", дейт укук коргоочу. "Кылым шамы" быйыл аскерлердин укугу боюнча экинчи мониторингинин жыйынтыгын жарыялады. Буга чейинкиге салыштырганда бул жолу аскерге кабыл алуу процесси жана зомбулук фактылары катталган бөлүктөргө өзгөчө көңүл бурулду.

Күндүзгү кабарлардын саат 12:00дөгү чыгарылышынын башка темалары:

Кыргыз-өзбек чек арасында аткезчилердин өтмөгү табылды

Ош: өрт өчүрүүчү Петровдун ысымын өз ордунда калтыруу керек

Ош: күч түзүмдөрүнө окутуу семинары жүргүзүлүүдө

Бул тасмадан чыгарылыштын толук видео версиясын көрө аласыздар.


Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79