wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Милиция аялдар кесиптик дараметин жогорулатышууда

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында милицияда иштеген аялдар билимин жогорулатып, сертификаттарга ээ болушту. 28-мартта башталган тренинг кечээ, 31- мартта жыйынтыкталды. Катышуучулар төрт күндүк окуу-курсунда жаңы мыйзамдарды өздөштүрүп, аналитикалык ой жүгүртүү, лидерлик сапаттарды арттыруу, гендердик зордук-зомбулук жана башка кылмыштардын алдын алуу боюнча билимин арттырышты.

Кененирээк ...

Ынтымакка чакырган илимий конференция өттү

 Ош шаарында "Ыйман, адеп жана маданият" жылына жана 7-апрель Элдик революция күнүнө багытталган илимий конференция өттү. Иш-чара "коомдогу жаштардын адептүүлүгү, ыймандуулугу жана укуктук маданиятынын калыптанышы" деген темада болуп, ага  200 гө жакын студенттер келишти. Студенттер топторго бөлүнүү менен баяндама жасап, өз ойлорун ортого салды.

Кененирээк ...

Конфуций институтунун курулушу аяктоо алдында турат

ОшМУнун алдында ачылган Конфуций институтунун окуу имаратынын жана жатаканасынын курулуш аяктоо алдында турат. Окуу имаратынын ачылуу аземи май айларына пландаштырылууда. Курулуш 2016-жылдын май айында башталган. Учурда имараттагы бөлмөлөр эмеректер менен жабдыла баштады.

Окуу корпусу жатаканасы (жер төлөсү) менен биргеликте 6 кабаттан туруп, жер төлөдө чыгыш жана бий өнөрлөрүн үйрөтүүчү спорт залдар орун алат.

Кененирээк ...

Чек арага жакын айылдарда семинар-тренингдер башталды

 Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен чектешкен аймактарында толеранттуулук темасындагы семинар-тренингдер башталды. Семинар дин жана улуттар аралык толеранттуулук маселесин чагылдырууга, өлкөдөгү улуттар аралык процессти өнүктүрүү, туруктуу абалга келтирүүгө багытталган.

Кененирээк ...

Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоо май айынын аягында өтүшү мүмкүн

Кечээ Жалал-Абад шаардык кеңшинин депутаттары таркап кетти. Мындай чечимге депутаттардын 4 айдан бери сессияга чогула албай жатканы түрткү болду.

Кененирээк ...

Өзгөндөгү жер көчкү астында калган жарандардын баарынын сөөктөрү табылды

Өзгөндүн Ничке-Сай айылында жер көчкү алдында калган жарандардын баарынын сөөктөрү табылды. Акыркы издөөдөгү жарандын денесин 31-мартта таап чыгышты. 

Кененирээк ...

Ош: бош орундар боюнча өткөн жарманкеде 22 жаран жумушка орношту

30-мартта, Ош шаарында бош орундар боюнча жарманке уюштурулду. Анда өлкө боюнча алынган 4 500дөн ашуун бош орундар жумуш издегендерге сунушталды. Иш-чаранын негизинде 22 жаран жумуш менен камсыз болду. 

Кененирээк ...

Ош: окуучулар жасаган табылгалары көргөзмөгө коюлду. ФОТО

Бүгүн, 31-мартта Ошто окуучулардын жасаган эмгектери көргөзмөгө коюлду. Анда ойлоп табуучулардын айыл чарба буюмдарынын макеттерин түшүргөн эмгектери көрүүчүлөргө тартууланды. Сынакка Ош облусунун аймагынан жалпы 70 окуучу катышты. 

Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79