wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Транзит

Мухтар Пайзилдаев: Кичи коомдук кеңештердин ролун жогорулатыш керек

Кыргызстанда Кичи коомдук кеңештер түзүлүп иштеп келет. Аны ICCO Cooperation Эл аралык уюмунун колдоосунда консорциумга бириккен ISEDA, “Инсан Лейлек”, “Мехр Шафкат”, “Интербилим” сыяктуу 4 бейөкмөт уюму түзгөн. Учурда алар кандай иштеп жатат? Кимдерге пайда алып келип жатат? Мына ушул жана башка суроолорго Ош облусундагы Нариман айыл өкмөтүндө түзүлгөн Кичи коомдук кеңешинин төрагасы Мухтар Пайзилдаев жооп берди.

Кененирээк ...

З.Надырбеков: Чегарачылардын окуу-машыгуусуна жакшы деген баа берилди Видео

1-декабрдан бери Кыргызстандын Чек ара кызматына караштуу бардык аскер бөлүктөрдө төрт күндүк машыгуу болуп жатат. Бул – чек ара аймактарында кырдаал курчуп кете турган болсо, чек арачылардын аскердик ыкчам аракети кандай болушу керек, башкаруу кандайча жүргүзүлөт деген маселеге байланыштуу өтүп жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын  чек арасы  971 км  болсо, анын талаш болуп такталбаган бөлүгү 46 пайызды түзөт. Ал эми Өзбекстан менен болгон чек ара 1378 км болсо, анын 23 пайыз. Учурда чегара тынчпы деп Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча Чегара Башкармалыгын башчы поковник Замирбек Надырбековго микрафон сундук.

Кененирээк ...

Жапарбек Ормонов: Көпүрөнүн курулушу саясатташып кеткени өкүнүчтүү болуп калды

Ош шаарынын вице-мэри Жапарбек Ормонов “Ынтымак” ТВдагы “Транзит” программасына келип, шаардагы курулуп, пайдаланууга берилген көпүрө боюнча маек курду. Анын айланасындагы талаш-тартыштар, алдыдагы курулуштар тууралуу айтып берди. Ормонов, көпүрөнүн курулушу кезектеги эле чарбалык иш катары болуш керектигин белгилеп, бирок анын саясатташып кеткени өкүнүчтүү болгонун билдирди.

Кененирээк ...

Г.Мамасалиева: Ички миграцияны токтотуш керек

“Интербилим” коомдук бирикмесинин Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева ички миграцияны токтотуу зарыл деп эсептей. Анткени шаарлардын көп адамды кабылууга мүмкүнчүлүгү чектелген. Инфраструктура алардын жакшы шартта жашашына жооп бере албай калат.

Кененирээк ...

Улуттар ортосундагы ынтымакты кантип бекемдейбиз? - Жаңыл Жусупжан Видео-Интервью

Борбор Азия аймагында башка тилде сүйлөгөн элдерди жекелеп, аларды коомдук, саясий, маданий чөйрөдөн сүрүп чыгаруу, же колдон келсе, такыр эле кубалап салуу аракеттери бар экендиги жашыруун эмес. Жакында Ош шаарында болгон Жаныл Жусупжан биздин студияда ушул маңызда маек курду.

Кененирээк ...

Ван кыргыздары Кыргызстанга келүү ойлорунан кайтышты

Мурда Түркиядагы Ван кыргыздары Кыргызстанга кетели деп айта беришчү. Азыр алардын жашоо шарты жакшы. Тилди унута башташканы менен бардык улуттардай эле тең укуктуу. Бирок алардын Кыргызстанга келүүгө болгон каалоолору кайткан. Буларды Стамбул шаардык мэриясында иштеген Ван кыргыздарынын бири Абдулметин Кескин мырза Ош шаарына келгенде айтты.

Кененирээк ...

Дүйшөн Шаматов: -Дүйнөдөгү алдыңкы университеттердин аракети күч Видео

Жогорку билим берүү боюнча "Times Higher Education" басылмасы дүйнөдөгү эң мыкты деген жүз университеттин атын быйыл дагы атады. Бирок алардын катарына мурдагы СССР мамлекеттеринин биринин да окуу жайы кирген эмес. Бул тенденция бир канча жылдан бери кайталанып келет.

Кененирээк ...

Жапанов: “Кара тизме” боюнча Өкмөткө кайрылгандан кийин маселе ордунан жылды Видео

Орусиянын мигранттарга байланыштуу “Кара тизмеси” кыргызстандыктар үчүн дагы деле орчундуу маселелердин бири боюнча калууда. Бул тизмеге кирип калгандар биздин өлкө ЕАЭСке кошулгандан кийин, андан чыгат деп үмүт артып турушкан. Ошол эле учурда аталган биримдикке киргенден кийин “Кара тизмеден” чыгарылбайт деген маалыматтар айтылып келген.

Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79