wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Кызыктуу маалыматтар

Бали шоу: алып баруучунун тапшырмаларын аткара албай тер чачкан оюнчулар

Бали шоу программасы ар кайсы тармакта эмгектенген инсандарды конокко чакырып, өз сыноолорунан өткөзөт. Бул ирэт берүүнүн коноктору ырчы, тамашоучу жана коомдук активисттер болду.


Жандуу үн: Каныбек Дайырбек уулу - Теңим бар

Өтүп жаткан өмүр сапарында, ар бирибиз өз жашообуздун сүрөтчүсүбүз, аны кооздоп, көркөмдөп тартууга багыт алган сүйүктүү радиоңуз Ынтымакта “Шайыр кошуналар” программасы. Биз жолукчу кеч бейшемби жана жума күндөрү 21:00-22:00 го чейин. Кечти көрккө бөлөгөн Жанин жана Райхан сиздин кызматта. Бүгүнкү биздин сыйлуу коногубуз Каныбек Дайырбек уулу. Жандуу ырлардан ырахат алыңыз. 


Yntymak.kg`ден куттуктоо: Мунира Тажибаева - Жалжалым

Бүгүн, 23-февраль - Мекенди коргоочулар күнүнө карата "Ынтымак" телеканалында майрамдык эфирлер жүрүп жатат. Yntymak.kg сайты да өз окурмандарына майрамдык куттуктоо катары элдик таланттардын жандуу үн менен аткарган чыгармаларын тартуу этет.

ОшМУнун "Алтын үн - 2016" номинациясынын ээси, ОшМУнун Искусство факультетинин 3-курсунун студенти Мунира Тажибаеванын аткаруусундагы "Жалжалым" чыгармасы.


Yntymak.kg`ден куттуктоо: Таңгүлү Тууганбай кызынан жандуу үн

Бүгүн, 23-февраль - Мекенди коргоочулар күнүнө карата "Ынтымак" телеканалында майрамдык эфирлер жүрүп жатат. Yntymak.kg сайты да өз окурмандарына майрамдык куттуктоо катары элдик таланттардын жандуу үн менен аткарган чыгармаларын тартуу этет.

Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайынын студенти Таңгүлү Тууганбай кызынан жандуу үн. "Кыргызда "така туякты сактайт, туяк тулпарды сактайт, тулпар эрди сактайт, эр элди сактайт" демекчи мырзаларды майрамы менен куттуктайм. Эр жигиттер ынтымакка жетүүнүн, айкөлдүктүн үлгүсүн көрсөтүп, үй-бүлөдө, коомдук турмушта алдыңкы катарда болуусуна тилектешмин",-дейт аткаруучу. 


“Сахнада элүү жашка чейин ырдайм”,-дейт Акмарал Жоробаева

Бул ирет “Ырыс таң” берүүсүндө конокто ырчы Акмарал Жоробаева болду. Таң эрте жалпы көрүүчүлөргө жандуу үн менен комуздун коштоосунда жагымдуу кайрыктарды тартуулап, чыгармачылыктагы жана жеке жашоосундагы сырларын бөлүштү. “Сахна жаштыкты жана сулуулукту талап кылгандыктан, элүү жашка чейин ырдасам, андан соң башка жумуш менен алек боломго”,-дейт Акмарал Жоробаева


Бүт дүйнөнү кыдырган алгачкы саякатчы айым

Кассандра Де Пеколь аттуу АКШнын 27 жаштагы жараны 18 ай, 26 күндө дүйнөнүн 195 өлкөсүн кыдырып, рекорд койду. Муну жасаган Де Пеколь дүйнөдөгү биринчи адам жана айымдар арасында алгачкы саякатчы болуп калды. Мындан мурдагы рекорд  үч жыл жана алты  күндө дүйнөнүн бардык мамлекеттерин кыдырып чыккан АКШнын дагы бир  жараны болгон.  Де Пиколдун дүйнөнү кыдыруусуна 200 миңге жакын доллар кеткен.  Ага саякаттоо учурунда тапкан достору да жардам берген. Ал саяккаттоону 2015-жылдын июлунда баштап, 2017-жылдын  2-февралында аяктаган. 


100% алкоголсуз сыра чыгарылды

Бельгиядагы жеке компаниялардын бириндеги адистер бир нече жылга созулган изилдөөлөрдүн жана тажрыйбалардын негизинде сыра кайнатуунун инновациялык ыкмасын патенттеп,  100% алкоголсуз сыраны чыгарышты. Анын даамы кадимки сырадай эле.  Ал эми буга чейинки чыгарылган сыралардын курамында 0,5тен,1,2%га чейин алкогол бар экенин бельгиялык смыра кайнатуучулар айтышат. Жакынкы күндөрдө 1 миллион бөтөлкө жаңы сыра, бельгиялык дүкөндөрдө акысыз даамын татып көрүүгө чыгарылат. Бельгия мурдатан эле сыра кайнатуу жагынан дүйнөгө атагы чыккан өлкөлөрдүн бири.


Грузия кызыктары

Грузия кооз аймактары, бийик тоолору, улуттук бийлери менен өзгөчөлөнүп турган өлкө. Ашканасы эттен жасалган тамак-аштарга бай келет. Грузиндер ата-энелерине ысымын атап кайрылат. Бул аларда жакындыктын, сый-урматтын белгисин билдирет.  Вино өндүрүү боюнча дүйнөдө жетинчи орунда. Бактарында жок эле дегенде 500гө жакын жүзүмдүн түрлөрү өстүрүлөт. Грузин тили дүйнөдөгү үйрөнүүгө эң татаал тилдердин катарына кирет. Четки аймактарында жашаган адамдарда  кыз ала качуу салты көп болот. Үлпөт тойлорунда келинге күйөө тараптын жакындары сөзсүз алтындан зер буюмдарды белеке беришет. Бул алардын калыптанган элдик салты. 


Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79