wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom
×

Предупреждение

JUser: :_load: Не удалось загрузить пользователя с ID: 464

Бир суткада жети өрт кырсыгы катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкектин 6-кичи районунда батир өрттөнүп, андагы тиричилик техникасы, эмеректер күйүп кеткен. Түтүнгө ууланган үй ээси куткарылып, бирок ооруканага жетпей каза болду. Өткөн түнү тилсиз жоо көбүнчө Бишкекте катталган. Отко этиятсыз мамиле жасагандан улам шаардагы мончо жана турак үй өрттөнгөн. Учурда анын себептери такталууда. Ош шаарында өрт чыккан 51 чарчы метрдик квартира Шота Руставели атындагы көчөдөгү үйдө жайгашкан.  Батирде болгон Камчыбек аттуу 27 жаштагы кишинин денесинин 35 пайызы, ал эми Асел аттуу кожойкенин бети жана сол колу күйгөн.  Маалыматка караганда, алар мас болгон. Жалында калгандар куткарылып, Ош облустук шаардык ооруканага жеткирилген. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Расмий маалыматка ылайык, өткөн жылы жалпы өлкө боюнча 3 мин 932 өрт кырсыгы катталып, 43 адам бул дүйнө менен кош айтышкан. 111 киши куткарылган. Өрт келтирген материалдык зыяндардын көлөмү 296 млн. сомду түзгөн.

Кененирээк ...

Ош шаарынын окуучулары кышкы каникулда кайда эс алат?

Ош шаарынын окуучулары  кышкы каникулда музейлерге, кооз жайларга, облустук жана шаардык китеп каналарга, кино театрларга жана шаардагы жогорку окуу жайларга “Ачык эшиктер” күндөрүнө катышышат. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты. Аталган кызматтын башкармалыгы жана жалпы билим берүүчү мектептер менен биргеликте окуучулардын кышкы каникул учурунда аткарылуучу иш чаралар иштелип чыккан.

Кененирээк ...

Чикаголук кыргыздардан жардам көрсөтүлдү

Бүгүн Ош шаарындагы "Алтын уя" балдар үйүнө Чикаголук кыргыздар тарабынан жардам көрсөтүлдү. Чикагодо иштеген мекендешибиз Максатбек Осмонов демилгеси менен ачылган "Өмүр уулу" кайрымдуулук фонду тарбынан  аталган балдар үйүнө муздаткыч тапшырылды. Аны аталган фондтун кыргызстандагы өкүлү келип тапшырып, мындан кийинда жардам көрсөтөөрүн айтып өттү. "Өмүр уулу" кайрымдуулук фондун мүчөлөрү Чикагодо иштеген мигранттар жана студенттер. Айта кетсек "Алтын уя" балдар үйү жеке Тамара Токтоматова айымдын демилгеси менен ачылган. Бугүнкү күндө аталган балдар үйүндө 3 жаштан 18 жашка чейинки 7 улуттун өкүлдөрүнөн турган балдар жашашат. Эскерте кетсек быйыл балдар үйүнүн уюшулгандыгына 10 жыл болот.

Кененирээк ...

Кыргызстанда эт жана сүт өндүрүүнүн көлөмү жогорулады

2015-жылдын январь – ноябрь айларында Кыргызстанда 346,9 миң тонна эт өндүрүлгөн. Бул мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,9 %га көп. Эт өндүрүүнүн көбөйүшү малдын башынын көбөйүүсү менен байланыштуу. Ал эми сүт өндүрүү республика боюнча 1 миң 385 тоннаны түзгөн. Бул мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 жарым пайызга көп. Бул убакыт аралыгында республика боюнча 405 миң 861 даана жумуртка өндүрүлгөн. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 96,6% ды камсыз кылат. Андан тышкары 2015-жылы Кыргызстанда 12 мин  083 тонна жүн өндүрүлгөн.

Кененирээк ...

Күлкү тартуулаган окуучулар. Видео

Ош шаарындагы мектептер арасында окуучулар Тамашоу оюнунда күлкү тартуулап келишет.  Бишкек шаарына өткөн Тамашоу оюнунда шаардан барган окуучулар алдынкы орундарды багындырышууда. Алардын бири “Авиатор” курама командасы. Ош шаарындагы №40 Королев атындагы мектебинин окуучулары. Мектепте өткөн ар бир иш-чаралар мына ушул окуучулардын катышуусусуз өтпөйт. Мындагы окуучулар Тамашоу оюнундары жаш өспүрүмдөрдү жакшы жакка тарбиялап, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизип жатканын айтышат. Кененирээк төмөндөгү тасмадан көрө аласыздар.

Кененирээк ...

Кыргызстанда окуучулардын билими эл аралык программа менен бааланат. Видео

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын жетишкендигин баалоо системасын жакшыртуучу эл аралык программага катышып жатканын аталган мекеме билдирди. Маалыматка ылайык, министрлик аталган программага ЮНЕСКО жана Brookings институту менен биргеликте катышууда. Мында Кыргызстан 112 мамлекеттин 15инин катарында туруп, бул өлкөлөр Learning Champions деп аталууда. "Программа маданият, искусство, сабаттуулук, коммуникация, математика жана технология тармагын камтыйт", — деп айтылат билдирүүдө. Министрлик окутуу ыкмаларын анализдөө куралдары өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталганын белгилейт.

Кененирээк ...

Күн желе: балдар берүүсү жыл ичинде. Видео

“Ынтымактын” балдарга арналган берүүсү жыл ичинде 50гө жакын мектептин мугалимдери менен окуучуларын эфирге алып чыкты. Анда мектеп окуучуларынын талантын, мугалимдердин сабак өтүү ыкмаларын жана кол өнөрчүлүк менен алектенген окуучуларды тасмага тартылып эфирден көрсөтүлдү. Бул окуучуларга стимул болуп, мектеп мугалимдери окуучуларынын дагы башка талаттарын чагылдурууга үндөп жатышат. Окуучулар атайын ыр бийлерин даярдап, мыкты окуучулар ар тараптан өз таланттарын көрсөтүп келүүдө. Жыл ичинде “Күн желе” балдарга арналган берүүсү мындан башкан “Таш-Мияшев” атындагы балдар китепканасы жана “Келечек” балдар чыгармачыл борбору менен да тыгыз иштешип келди.

Кененирээк ...

Кыргызстан-Өзбекстан чек арасында ок атуу болду Видео

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, бүгүн 30-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасында, Баткен облусундагы “11 гектар” аймагында ок атуу болду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өткөрмө бекети жок жерден аткезчилик жол менен жүк алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жарандары Өзбекстандын чек арачыларынын токтотуу аракеттерине баш ийген эмес. Натыйжада өзбекстандык чек арачылар курал колдонгон. Жараат алган эки кыргызстандык Баткен облустук ооруканага жаткырылды. Окуя болгон жерге Баткен чек ара отрядынын башчысы барып, жагдайларды тактоо үчүн эки тараптуу жолугушуу өткөрүү демилгесин көтөрдү.

Кененирээк ...

Жаңы жылдан кийин электр энергияга чектөө кириши мүмкүн. Видео

Жаңы жылдан кийин электр энергияга чектөө кириши мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Электр станциялары” ААКнын жетекчисинин орун басары Узак Кыдырбаев билдирди.

Кененирээк ...

Ошто тергөө абагында кармалгандар анонимдүү почта аркылуу дооматтарын айта алат. Видео

Оштун 5-тергөө абагында кармалгандар үчүн анонимдүү куту орнотулуп, жаза өтөп жаткандар укугу бузулса, дооматтарын жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди. Каттар үчүн 3 куту орнотулду. Ош облусу жана Ош шаары боюнча кыйноолорду жана адамдын ар-намысын тебелеген аракеттердин алдын алуу борборунун өкүлү Худояржон Нарматовдун айтымында, июль айынан бери тергөө абактарынан 20га чукул кат келген.

Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79