wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom
×

Предупреждение

JUser: :_load: Не удалось загрузить пользователя с ID: 464

Күн желе: сасык тумоонун алдын алыңыз

Ынтымактын “Күн желе2” балдардага арналган берүүсүнүн 24-январдагы чыгарылышында сасык тумоо тууралуу сөз болду.  Анда сарымсактын пайдалуу жактары айтылды. Мисалы: Сарымсак-Иммунитетти көтөрүп, организмге вирустар менен күрөшүүдө жардам берет. Сарымсак оорунун алдын алуучу жана тумоолоп калган учурда ооруну күчөтпөөчү касиетке ээ. Бир күндө жок дегенде бир тишчеден пайдаланыңыз. Толук чыгарылышыбызды төмөндөгү тасмадан көрө аласыздар.

Кененирээк ...

Күн желе: окуучулар кыргызстандын жаратылышы тууралу ой бөлүшүштү. Видео

Гоеграфия сабагы окуучуларга район, шаарларды алардын жашоо шарты менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул жолу Ош шаарындагы  №50 Паиз Нышанов атындагы мектебинин мугалими география сабагында өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан облустар, райондор жана айылдар тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Сабактын жүрүшүндө жаратылышы, табияты тууралуу сөз болуп, окуучулар топторго бөлүнүп алышып ар кандай оюндар менен жооп беришти.

Кененирээк ...

Атамбаев Мамкаттоо кызматынын иш сапатын талкуулады. Видео

Президент Алмазбек Атамбаев Мамкаттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кабыл алып, каттоо кызматынын сапатын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулады. Атамбаев Бирдиктүү мамлекеттик реестрлөөнүн 2-баскычынын иштелип чыккан концепциясы, жарандарды алдыңкы маалымат технологиясын пайдалануу менен тейлөөнү уюштуруу боюнча маалымат алды. Сарпашев жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп жаткандыгы жана өлкөдө биометрикалык паспортторду киргизүү боюнча пландар жөнүндө айтып берди.

Кененирээк ...

Ишкерлер Кыргыз-орус фондунун насыя шарттарына нааразы. Видео

Баткен облусундагы ишкерлер тобу Кыргыз-орус өнүгүү фондунун насыя берүү шарттарына нааразы болуп өкмөткө кайрылуу жолдогону жатышат. Алар аймакта ири сумма алуу үчүн күрөөгө койгонго ылайыктуу имараттар жоктугун эске алып, анын ордуна банк берген акчага сатып алынган жабдыктарды күрөөгө коюуга уруксат берүүнү суранышууда. Ошондой эле фонддун насыяларын элге берүү менен алектенген РСК жана “Айылбанк” кызматкерлерине эл менен иштешүүнү жандантууну милдеттендирүү зарылдыгын белгилешет. Бул тууралуу облустук Ишкерлер кеңешинин төрагасы Авазбек Чотбаев “Азаттыкка” билдирди: - Өткөн жылы Кыргыз-орус өнүктүрүү кору түзүлүп, ишкерлик үчүн РСК жана “Айылбанк” аркылуу 12 пайыздык жылдык үстөк насыя бериле баштаган.

Кененирээк ...

Күн желе: жөтөлдө банандын пайдалы көп

Банан жөтөлдөн айыктырат экен. Боор, бөйрөк, уйкусуздук оорусу менен жабыркагандар учун пайдалуу азык болуп эсептелет. Бул жемиштеги В6 витамини маанайды көтөрөт жана инфаркт, инсульт ооруларынын алдын алат. Муздаткычка сакталбаган жана жапжашыл болгон быша элек бананды жебеңиз. Ал эми катуу жөтөлдө 2 бышкан бананды майдалап эзип, ага 200 миллиграмм ысык суу жана татымына жараша бал кошуп аралаштырып ар эки саатта бир жеңиз. Бул ыкма жөтөлдөн арылтат

Кененирээк ...

Күн желе: келечекте стюардесса болууну каалаган Медиана

Ынтымактын “Күн желе” балдарга арналган берүүсүнүн менин жаоом рубрикасынын бул жолку каарманы  Медиана Сейитказы кызы . Ал Ош шаарындагы №50  П. Нышанов мектебинин 7-классынын окуучусу. Мектептин сыймыктуу окуучуларынын катарын толуктайт. Өнөрлүү окуучу болгондуктан ырдап, бийлеп мектептеги ар кандай иш- чараларда активтүү катышып келет.  Медиана Сейитказы кызынын өнөрүнө кенеирээк төмөндөгү тасмадан көрө аласыздар. 

Кененирээк ...

Күн желе: кар бутакчаларын кагаздан жасайбыз

Кадимки кар бутакчаларын жасап үйдүн ичине коюп койсоңуз болот. Аны колдо жасоону Ош шаарындагы №50  П. Нышанов мектебинин 7-классынын окуучусу Кызжибек Боронбаева көрсөтүп берди. Кар бутакчаларын жасоо үчүн салфетка, таякча, желим жана кайчы керектелет. Бул кар бутакчасын үйдүн ичин кооздоодо колдонсо болот.  “Күн желе” балдарга арналган берүүсүнүн пайдалуу кеңеш рубрикасынан кененирээк көрө аласыздар.

Кененирээк ...

Күн желе: талантту окуучу Медиана конокто

Ынтымактын “Күн желе” балдарга арналган берүүсүнүн бул чыгарылышында студияга конокко Медиана Сейитказы кызы келген. Ал Ош шаарындагы №50  П. Нышанов мектебинин 7-классынын окуучусу. Мектепте баардык сабактардан жакшы окуйт. Ал келечекте стюардесса болууну максат кылат.  Студияга келип ыр ырдап, бийлеп өз өнөрүн элге тартуулады.

Кененирээк ...

Ошто окуучулардын олимпиадасы электрондук түрдө өтүүдө

11-январдан тартып Ош шаарындагы мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын аймактык баскычы электрондук системада башталды. Анда олимпиадага катышкан бардык окуучулар жалаң компьютер аркылуу белгиленген убакыттын ичинде берилген суроолорго тест аркылуу жооп берип жатышат. Бул туралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кабарчысы И. Камчиев билдирди.

Кененирээк ...

Оштогу Рыспай Абдыкадыровдун музейи

Обончу жана аткаруучу Рыспай Абдыкадыров тирүү болгондо быйы  75 жакшка чыкмак. Ал 1941-жылы төрөлүп, 53 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан.  Анын тирүү кезинде колдонгон буюмдары учурда музейде сакталып турат.  Бул музей түзүлүп баштаганда Рыспай Абдыкадыровдун жакын санаалаштары сүрөттөрүн өз үйлөрүнөн алып келип чогултушкан. 

Искуство  факультенинин жамаатынын демилгеси менен Рыспай Абдыкадыровдун көзү өткөнүнө 8 жыл болгондон кийин 2002-жылы 12-сентябрда  музейи негизделген. Музейде обончунун нота жазган  калем саптарынан тартып колдонгон буюмдарынан бери сакталып турат. Жаш кезиндеги сүрөттөрү, жазылып бүтпөй калган обондору, акыркы жазган ырлары иш столунда кадимкидей сакталып калган. Мындан сырткары анын басып өткөн жолу, колдонгон буюмдары, үй-бүлөөсү  жана замандаштар менен түшкөн сүрөттөрдү көрүүгө болот. Ошондой эле акыркы чыгарган ырлардын нооталары, кол жазмалары сакталуу.

Учурда ОшМУнун искуство факультенин доценти Рыспай Абдыкадыров атындагы музейдин жетекчиси Канышайым Сагынбаева музейди көзөмөлдөп келет.

Рыспай Абдыкадыров Кыргыз элине аккордеондун коштоосундагы кубулжуган ырларды белек кылып катырып кеткен.  Анын экинчи жашоосун учурда ырдалып жаткан ырлары улантууда. Замандаштарынын эсинде тамашакөй, шайыр, токтоо инсан катары калган.  Ал эми 1997-жылы 29-сентябрда Эл агартуунун отличниги наамы берилген. Рыспай Абдыкадыровдун талантын баалап эл ичинде анын ырларын угуучулардын саны суюла элек.

Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79