wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom
×

Предупреждение

JUser: :_load: Не удалось загрузить пользователя с ID: 464

Ошто мугалимдерге компютердик курстар мектептерде уюштурулууда

Ош шаарында мугалимдерге компьютердик курстар атайын мектептердин базасында өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты. Алгачкылардан болуп шаардагы №30 А. Алиев мектебинин эмгек жамааты атайын ЖОЖдун адистеринин окутуусунда компьютердик курстан өтүп, сертификаттарга ээ болушту.

Кененирээк ...

Турак жайды камсыздандыруу мыйзамы бүгүн күчүнө кирет. Видео

Кыргызстанда турак үйлөрдү милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы бүгүн күчүнө кирет. Өкмөттөн кабарлашкандай, камсыздандыруучу мамлекеттик уюмду түзүү иштери соңуна чыгып калды. Анын уставдык капиталы 50 млн сом болот. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, республикада 295 миң батир, 847 миңден ашуун жер там жана 3 миң 469 барак үлгүсүндөгү үйлөр бар. Үй жана батирлерди камсыздоо үчүн шаарда жылына 1 мин 200 сом, айылда 600 сомдон төлөнөт.  Камсыздандырылган үйлөр кырсыкта зыянга учуруса 500 миң сом төлөнүп берилери кабарланган.

Кененирээк ...

Ош шаарындагы №1 “Жибек” балдар бакчасы жаңыланды

Ош шаарындагы №1 “Жибек” балдар бакчасы жаңы, заманбап эмеректер жана техникалык базасы толугу менен камсыздалып колдонуга берилди. Ага Ош шаардык мэриясынан, билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, ата энелер комитети катышты. Жаш жеткинчектер келген конокторго  ыр-бийлерин тартуулашып, ыразычылык сөздөрүн айтышты. Мындан сырткары 2013-жылдан бери бала бакчанын чатыры, терезелери, дарбазасы, жаңы эмеректер жана ички бөлмөлөрү толук капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү. Каражат республикалык, жергиликтүү бюджеттен  бөлүнүп, АРИС уюмунун колдоосу астында иштер жүргүзүлдү.

Кененирээк ...

Ошто окуучулар арасында “Илим, техника жана өндүрүш” жумалыгы өттү. Видео

Бул жумада Ош шаарындагы “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун мектеп окуучуларынын ортосунда “Илим, техника жана өндүрүш” жумалыгы башталды. Бул көргөзмөгө Ош шаарындагы №50 Нышанова мектеп гимназиясынын 8-классынын окуучусу Ислам Алмазбеков да катышты. Ал өзүнүн ойлоп тапкан техникасы менен ой бөлүштү. Ислам атайын суроолорду түзүп, анын жообу туура же каталыгын заматта текшерип бере турган жабдыкты ойлоп тапкан. Ага физика мугалими өзгөчө шык берген. Ал өзү да физика сабагына кызыгаарын айтат.

Кененирээк ...

Оштогу медицина кызматкерлерине кошумча 6,8 млн сом бөлүндү. Видео

Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаарда эмгектенип жаткан орто жана кенже медициналык кызматкерлерине колдоо иретинде 6,8 миллион сом бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Ош облустук администрациясы билдирди.  "Каражат кызматкерлердин коммуналдык чыгымдарын жеңилдетүү үчүн берилди", — деп айтылат маалыматта.  Берилген каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Кененирээк ...

Өкмөт аппараты кызматтык унаалардан арылууда. Видео

Өкмөттүн аппаратына бекитилген кызматтык унаанын саны 50 пайызга кыскарганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин аппарат карамагында 22 кызматтык унаа болсо, учурда 11и калды. Анын 8и кезметтик болсо, 2 унаа фельдъегердик кызматка пайдаланылат. Дагы 1 машина аймактарга командировкага чыгуу үчүн каралган.  Мында премьер-министрдин кеңешчиси менен жардамчысына, аппараттын бөлүм башчыларына бекитилген унаалар кыскартылды.  Учурда мамлекеттик органдардын унаа паркын оптимизациялоо боюнча комиссия өз ишин улантып жатканы белгиленүүдө.

Кененирээк ...

Аскерди катуу сабаган Нурлан Аралбаев гауптвахтага камалды Видео

№64479 аскердик бөлүктүн аскери Мамарасул Абытбек уулун сабаган капитан Нурлан Аралбаев Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына камалды. Бул тууралуу кечээ, Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмүнүн прокурору Нурлан Тагаев билдирди. Анын айтымында, аскер кызматкери КРдин Кылмыш-процессуалдык кодексинин 94-беренесине ылайык кармалган жана гауптвахтага камалган.  "Эки күндүн ичинде сот капитан Аралбаевдин баш коргоо чарасын аныкташ керек",-дейт Тагаев. Эскерте кетсек, 21-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу №64479 аскер бөлүгүнүн капитаны катардагы аскер Мамарасул Абытбек уулун катуу сабаган. Учурда жабырланган аскер ооруканада.

Кененирээк ...

Унаалардын радиаторлорун уурдагандар кармалды. Видео

Жүк ташуучу унаалардын радиаторлорун уурдап кеткен жаран кармалганын ИИМ кабарлады. Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарындагы автобазалардын биринен "МАЗ" унааларынын 15 радиатору уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери кылмышка шектүү жаранды колго түшүрүштү. Келтирилген материалдык чыгым 150 миң сомду түзгөнү айтылууда. Учурда Кылмыш жана жаза кодексинин 164-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кененирээк ...

Күн желе: түстүү кагаздан жасалган балаты. Видео

Балатынын кагаз менен жасалышын билесизби? Ал үчүн болгону түстүү кагаздар, желим, кайчы керектелет. Мындай колдо жасалган балатыны жакындарыбызга жаңы жылдык белек катары берсек да болот.

Кененирээк ...

Күн желе: өлкө желегин Тажикстанда желбиреткен Альберт. Видео

9 жаштагы спортчу Альберт Байышов бир топ ийгиликтерди багындырды. Ал спорттун каратэ-до түрү менен алектенгенине 3 жыл болду. Аз убакыттын аралыгында түрдүү сыйлыктарды алган. Кыргызстандын ар кайсы аймактарында өткөн мелдештерде катышып, башка өлкөлөргө да барып келүүдө. Атап айтсак жакында эле Тажыкстанда өткөн мелдеште биринчиликти багындырып келген. Альберт келечекте кыргызстандын желегин алыска желбиреткен мыкты спортчу болууну максат кылат. Учурда ал Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-түрк достугу» атындагы таланттуу балдар мектебинин  3-классынын окуучусу.

Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79