wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom
×

Предупреждение

JUser: :_load: Не удалось загрузить пользователя с ID: 464

Мугалимдерге ипотекалык турак жай бирелет

11-февралда,  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мугалимдерге ипотекалык турак жай берүү жөнүндө   онлайн жыйын уюштурулду. Бардык аймактардан катышкан бул жыйында кызыккан суроолор узатылып, тиешелүү жооптор алынды. Өкмөттүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын ишке ашырылышына мугалимдер абдан кызыкдар экенин билдиришти жана кубануу менен кабыл алышты. Билим берүү жана илим министри Э. Сариева өз сөзүндө жасалуучу мындан аркы аракеттерге токтолуп өттү. Кененирээк ...

Күн желе: көптөгөн сыйлыктарды ээси Таңнур. Видео

Бир топ ардак громаталардын ээси жаш талант Таңнур Тентимиш кызы “Менин жашоом” рубрикасынын бул жолку каарманы. Ал Ош шаарындагы №27 мектебинин 4-классынын окуучусу. Бош убактысын ырдап, бийлеп, түрдүү китептерди окуу менен өткөрөт. Анын буга чейин жетишкен ийгиликтеринен алган ардак громаталары ар дайым ага дем-күч берип тураарын айтат. Үй бүлөөдө эң улуусу болгондуктан мектептен келгенде үй жумуштары менен алек болот. Жаш талант Таңнур Тентимиш кызы келечекте дарыгер болууну максат кылат.  

Кененирээк ...

Ош шаарынын мектептерде англис тили жумалыгы өтүүдө

Ош шаарынын мектептерде англис тили жумалыгы өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты. Англис тили жумалыгы 8-февралда башталып, окуучулардын катышуусунда англис тилинде интеллектуалдык оюн болуп, англис тилинде “Менин мектебим” (My school) аттуу дилбаян жазуу сынактары башталды. Андан сырткары окуучулар Эл аралык тилге байланыштуу сүрөттөрдү тартып, англис тилинде айтып беришмекчи. Аталган жумалык 15-февралга чейин бир жума  бою улантылып, адаттагы иш чаралардан сырткары окуучулар арасында ар кандай конкурстар, көргөзмөлөр, жолугушуулар жана жогорку окуу жайлардын англис тили кафедраларына саякаттар уюштурулмакчы.

Кененирээк ...

Жалал-Абад: убактылуу абак башчысы кыйноого айыпталууда. Видео

Жалал-Абад шаардык прокуратурасы ШИИБнин убактылуу жайын кыйноолордун алдын алуу боюнча текшерүүгө алган. Анын жүрүшүндө Аксы райсоту тарабынан соттолгон жаран арызданган. Башкы прокуратура билдиргендей, арыздануучуну убактылуу кармоо жайдын башчысы өзүнүн иш бөлмөсүндө 2 белгисиз адам менен чогуу ур-токмокко алган. Жыйынтыгында камактагы жаран денесинен жараат алды. Бул факты боюнча Жалал-Абад шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Тергөө амалдары уланууда.

Кененирээк ...

Күн желе: уюлдук телефондун ден соолукка таасири. Видео

Эгерде сиз уюлдук телефон менен өтө көп убактыңызды чектебей сүйлөшсөңүз иммунитетиңизге чоң коркунуч туулат. Норвегия менен Даниянын изилдөөлөрү уюлдук байланыш менен тыгыз мамиледе жүргөндөр баш оорусуна, уйкусу канбай, жиндери бат келээрин билдиришкен. Иштебей, жөн эле жаныңызда жаткан телефондун да зыяны бар экен. Кененирээк төмөндөгү тасмадан көрө аласыздар. 

Кененирээк ...

Ошто 32 млн. сом салыктан баш тарткан үч компанияга кылмыш иши козголду

Ош облусунда ири көлөмдө салык төлөөдөн баш тарткан 3 ишкана аныкталганын Финансы полициясы билдирди. Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган аймакта жайгашкан "Ордо Ойл Строй компани" ишканасы 2013-14-жылдар аралыгында соода ишмердүүлүгү менен алектенип, казынага 22,2 миллион сом салык төлөбөй өткөн. Ал эми "Кайрат Алай" компаниясынын салык карызы 7,7 миллион сомду түзсө, дагы бир "Орекс плюс" ишканасы 2,2 салык төлөмүн которгон эмес. Аталган компаниялардын жалпы жонунан мамлекетке келтирген зыяны 32 миллион сомдон ашкан. Бул фактылар боюнча бир катар беренелердин негизинде кылмыш иштери козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кененирээк ...

Күн желе: убакытты кантип туура пайдалануу керек. Видео

Эң негизгиси күнүмдүк жашоодо ар дайым кыла турган иштерибиздин тизмесин түзүп алышыбыз керек жана аны өз убагында бүтүрүүгө болго күчүбүздү жумшап, убакытка так болууга жашыбыздан үйрөнөбүз керек. Маанилүү эмес же убакытты алгандан башка пайдасы жок нерселерден алыс болушубуз керек жана кыла турган ишиңер, өтө эле көп болсо, стресс болушуңар, көңүл чөгөттүккө кабылышыңар да мүмкүн экен. Кенеирээк төмөндөгү тасмадан көрө аласыздар. 

Кененирээк ...

Күн желе: таланттуу коноктор

Ыр ырдап, комузда кол ойнотуп сабак окууга да жетишкен окуучулар көп. Алар баарын билүүгө жаштайынан аракет кылган таланттуу окуучулар.  “Күн желе” балдарга арналган берүүсүнүн бул жолку чыгарылышынын коноктору Ош шаарындагы  №3 Ломоносов мектебинин окуучулары. Алар комузду 9 жашынан баштап уйрөнө башташкан.  Мугалимдеринин жетеги астында учурда бир топ күүлөрдү үйрөнүштү. Кечектеги кесибин тандаша элек. Бирок комузду ар дайым ойноп жүрөөрүн айтышат.

Кененирээк ...

ШИИБ: Бишкекте сатуучу аялды тоногон өспүрүмдөр кармалды. Видео

Борбор калаада өспүрүмдөр 30 жаштагы аялды тоноп кетишти. Бул тууралуу БШИИБгы билдирди. Маалыматка ылайык, окуя саат 19.30 чамаларында болгон. Белгисиз адамдар Чүй проспектисинде жайгашкан дүкөнгө кирип барып, сатуучу аялды коркутуу менен 7 миң сом акчасын алып кетишкен. Аталган окуя боюнча Кылмыш кодексинин 167-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери оперативдик иликтөө иштеринин жыйынтыгында 17 жана 16 жаштагы өспүрүмдөрдү кармаган. Иликтөө иштери уланууда.

Кененирээк ...

Оштогу мугалимдерге заманбап усулдук жардамдар берилүүдө

Ош шаарындагы бардык мектептерге график боюнча Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчулары заманбап усулдук жардамдарды берүү максатында аталышындагы кыдырууну башташты. Анда бардык предметтер боюнча мугалимдердин сабактарына катышып, усулдук жардам көрсөтүшөт. Бул туралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты. Иш чаранын негизги максаты мугалимдерге атайын иштелип чыккан пландын негизинде сабак берилүүчү 45 мүнөттү туура, так жана пайдалуу уюштурууну үйрөтүү. Ошондой эле аларга бардык предметтер боюнча керектүү электрондук материалдар менен камсыз кылуу. Жаңы технологияларды ( интернетте иштөө, маалымат издөө, интерактивдүү доска) колдонууну үйрөтүү. Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79