wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom
×

Предупреждение

JUser: :_load: Не удалось загрузить пользователя с ID: 464

"Масленица" майрамы белгиленди.Видео

Оштогу Славян элдеринин "Масленица" майрамы белгиленди. Иш-чара №3 Ломоносов мектебинде болду.  Саамалыкка шаардагы бардык мектептериндин орус тилчи мугалимдери катышты. Кыштын өтүшүнө арналган бул майрам Славян элдеринде жыл сайын ушул убактарда белгиленип, ар түрдүү даамдуу тамактар менен бири-бирин сыйлап келишет. Кел анда кийинки тасмадан кененирээк көрөбүз Кененирээк ...

Адам укуктары улуттук деңгээлде талкууланат

Кыргызстан жаш ишкерлер бирикмесинен кабарлашкандай, 25-февралда премьер-министр Темир Сариев Инвестиция жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын өткөрүп, анда кризистен чыгуунун жолдору талкууланат. 26-февралда өкмөттүн жыйыны болуп, анда антикризистик программа каралат. Март айынын башында премьер-министр антикризистик программасын парламенттин кароосуна алып чыгыш керек.

Кененирээк ...

Китеп сүйүүчүлөргө кызыктуу фактылар. Видео

Азыркы маалымат технологиясы ыкчам өнүккөн доордо китеп сүйүүчүлөр анчалык көп эмес. Бирок, баары бир китеп ышкыбоздору бар жана чыныгы китеп сүйүүчүлөргө кичине азыраак кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

Кененирээк ...

Ош шаарында окуучулар Мекен коргоочуларды куттуктады

Мекенди коргоо күнүнө  карата Ош шаарындагы  баардык бала бакча жана мектеп окуучулары арасында иш чаралар болууда. Анда окуучулар арасында ар кандай мелдештер, оюндар уюуштурулуп, жаш мекен коргоочуларын куттуктап кыздар да белектерин беришип ыр бий тартуулашты. Ошондой эле, буга чейин окуучулар Ош шаарындагы аскердик бөлүктөргө жана жогорку окуу жайладын аскерге даядоо факультеттерине саякаттарга барышкан. Анда окуучулары аскерлердин жашоосу, аскердик оор техникалар, куралдар менен таанышып чыгышкан.

Кененирээк ...

Күн желе: түстүү кагаздардан жасалган гүлдөр. Видео

Нуркыз Майрамбекова Ош шаарындагы №27 мектебинин 2-классынын окуучусу. Ал биздин “Пайдалуу кеңеш” рубрикабызга өзүнүн колу менен бир буюмдун жасалышын көрсөтүп берди. Ал үчүн кагаздар, кайчы, желим керек болот. Түстүү кагаздарды бүктөө жолу менен мындай кооз гүлдөрдү жасап жакындарын кубантаарын айтат Нуркыз. Түстүү кагаздардан түркүн түстөрдөгү гүлдөрдү жасоо жолдорун төмөндөгү тасмадан көрө аласыздар. Кененирээк ...

Күн желе: көп кырдуу талант ээси Байыш

Жаш талант Байыш Жалалов Ош шаарындагы №11 Терешкова  мектеп интернатынын 5-классынын окуучусу. Ал ырдап, комуз черткенди да өздөштүрүп, ыр жазып, бийлеп, көркөм окуп жана манас да айта алат. Манас айтуу боюнча өткөн жылы Кытайга барып чоң манасчылар менен жолугушуп, манасчылык өнөрүн дагы да өркүндөтүп келген. Ал мектепте жакшы окуган окуучулардын катарын толуктап келет. Классында президент. Байыш мектепте окугандан тартып эле ыр жаза баштаган. Өзүнүн калемине таандык ырларынын көпчүлүгү апа, кыргыз-тил жөнүндө, Кыргызстанга арналат. Бош учурунда комуз чертүүнү үйрөнүп, ар улуттун бийлерин бийлейт.

Кененирээк ...

Балыкчынын аскер гарнизонунда болгон окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду. Видео

Өкмөт башчы Темир Сариев 2 кырсык окуясы орун алган Балыкчы шаарындагы №26 96-аскер бөлүгүнө барды. Аскердин бири бутунан жаракат алган, ал эми экинчи аскер башынан жаракат алып, натыйжада каза тапкан.Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты. Өкмɵт башчыга орун алган окуя боюнча Коргоо боюнча улуттук комитеттин төрагасы Марат Кенжисариев жана №8 Гвардиялык дивизиянын командири Бактыбек Бекболотов маалымат берди.

Кененирээк ...

Ош шаарынын бала бакчаларына акысыз китептер берилди

Бүгүн, Ош шаарынын №1 бала бакчасында кыргыз тили тарбиячыларынын семинары болду. Бул туралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы кабарларды. Кененирээк ...

Казакстандан 4,8 млн. сомдук 204 тонна унду мыйзамсыз алып келгендер кармалды. Видео

Казакстандан 204 тонна унду мыйзамсыз алып келип, кыргыз-казак чек арасындагы "Маймак" темир жол станциясына түшүрүп жаткан жарандар кармалганын мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди. 16-февралда Талас чек ара отряды "Сатыкей" заставасынан коңшу мамлекеттен мыйзамсыз ун ташып келгендерди кармаган. Кыргызстандын жарандары товар ташуучу вагон менен ун алып келип, аны "Маймак" темир жол станциясына түшүрүшкөн. Бирок, аталган станциядан товар алып өтүүгө болбогондуктан ал жерден кайсы бир товарларды түшүрүүгө жана жүктөөгө болбойт. Мыйзамсыз алып келинген ундун баасы 4,8 миллион сомду түзөт. Бул иш боюнча документтер толтурулган соң, кармалган жарандар товары менен чогуу тийиштүү тараптарга өткөрүлүп берилди. Кененирээк ...

Ош шарынын окуучулары ооган ардагерлерин куттукташты

Бүгүн, 15-февраль Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнүн 27 жылдыгына карата, Ош шаарынын мектептеринде Ооган согушунун ардагерлерин окуучулар куттукташууда. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын  кабарлашты. Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79