wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom
×

Предупреждение

JUser: :_load: Не удалось загрузить пользователя с ID: 464

Күн желе: окуучулар бийлешти

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кычан Жакыпов мектебинин окуучулары  “Күн желе” балдарга арналган берүүсүнө өздөрүнүн бийин даярдашкан. Окуучулар бул бийлерин бардык иш-чараларда окуучулар менен мугалимдерге да тартуулап келишет.

Кененирээк ...

Ошто Сирияга адам тартуу маселеси талкууланат. Видео

Бүгүн Ош шаарында баштала турган парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин көчмө жыйынында диний экстремизм көйгөйүн чечүү жолдору ортого салынат. Ошондой эле Ош облусундагы кулчулукка каршы күрөштүн жүрүшү, адам сатуунун курмандыктарынын социалдык-укуктук абалдарына баа берилет. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, эрте никеге туруунун коомго тийгизген кесепеттери да күн тартибине киргизилген. Мындан тышкары депутаттар облустагы социалдык, маданий жайлардын абалы менен да таанышмакчы.

Кененирээк ...

Күн желе: наристе ырларым

Ош шаарындагы У. Салиева атындагы мектеп-гиназиясынын 11-классынын окуучусу Айжана Өкөнбай кызынын китебинин бет ачаары болуп өттү. Жаш болсо да сөз барктаган  Айжана китебинин атын "Наристе ырларым"-деп атаган. Алгач 7 жашында  кичинекей 5 муундан турган апа жонундо ыр жазган.  Андан бери туурдуу темаларда ырлар жаралган. Чогулган ырларын агай эжекелеринин кенеши менен  «Наристе ырларым» деп атаган китебине жайгаштырып окумандарына сунууда.  Кененирээк ...

Ош: үй-бүлөөлүк таймаш

Жаз майрамдарына карата Ош облусунун Кара-Суу районундагы №23 «Кызыл-Тал» негизги мектеби окуучулар жана ата-энелер арасында конкрус уюуштурушкан. Иш-чаранын негизги максаты окуучулардын билимин жогорулатуу менен ата-энелердин да балдарынын билим алып жатканына конулун буруу болуп сананлат. Бул мектеп 2000-жылы уюшулуп, 9 жылдык билим берет. Кененирээк ...

Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдар кайрылуу жасашты. Видео

Президент, Жогорку Кеңеш жана коомчулукка жолдонгон кайрылууда чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл албоо өтүнүчү билдирилген. Бейөкмөт уюмдардын ырасташынча, бул мыйзамды кабыл алуу Кыргызстанды адам укуктарын бузган тоталитардык өлкөгө айлантат. Республикадагы бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн чектөөгө байланыштуу мыйзам долбоору өткөн жылы депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова тарабынан демилгеленген. Учурда ал Жогорку Кеңештин кароосунда турат.

Кененирээк ...

Ош: мугалимдерге туризм боюнча окутуулар өтүлүүдө

“Туризм боюнча массалык иш-чаралар”-деген аталыштагы мастер-калсс бүгүн Ош облустук балдардын чыгармачылык  борборунда болду. Манда окуучулар жана облустун бардык райондорунан келген мектеп мугалимдери катышышты. Иш-чара тарых жана маданият жылына карата туризимди өнүктүрүү мактасында өткөрүлүүдө. Жаш муундарга кыгыз туризмин анын ичинде тоо туризмин, спелеотуризимин кеңири өнүктүрүү, тарыхый жана архиологиялык эстеликтерин сактоого тарбиялоо болуп саналат. Мастер-кластын жүрүшүндө катышуучу ийрим жетекчилерге  тегерек стол, теориялык жана практикалык сабактар өтүлдү. Эми окуу семинарына катышкан мугалимдер өз мектептеринде окуучуларга туризим тармагында түшүнүктөрдү беришет.

Кененирээк ...

Ош: окуучулар арасында театр фестивалы өтүүдө

Бүгүн, 29-февраль Ош шаарынын мектеп окуучулары арасында театр фестивалынын мектептер аралык 1-туру өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Кененирээк ...

Ош шаарынын окуучулары арасында предметтик олимпиада болууда

Предметтик олимпиаданын 3-баскычынын 1-туру болууда.  Анда шаардагы 9-10-11-класстын окуучулары катышып, жалпысынан 150дөн ашык окуучу бардык 13 предмет боюнча тест тапшырышууда. Бул туралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Кененирээк ...

Ош: Окуулар арасында “Милициянын жаш досу” атту сынак болду

«Милициянын жаш досу» мындай аталыштагы сынак Ош шаарындагы №23 мектебинин чоң залында өттү. Сынак Билим берүү жана илим министрлиги менен Ички иштер министрлигинин иш-мерчеминин негизинде, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан шаардагы мектептердин окуучуларынын арасында зордук-зомбулукту болтурбоо, патриоттуулукка, мекенчилдикке тарбиялоо жана ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу, милиция кызматкерлери менен жаш өспүрүмдөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоо максатында өткөрүлдү. Бул туралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлады.

Кененирээк ...

Кыргызстанда ымыркайлар пневмококк оорусуна каршы эмдөөдөн өтөт. Видео

Кыргызстанда пневмококк оорусуна каршы эмдөө 22-мартта баштала турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 25-26-февраль күндөрү медайымдар атайы окуудан өтүп, эмдөө жасоонун ыкмаларын үйрөнүшөт. Ушундай эле окуулар 1-2-март күндөрү Чүй облусунун медайымдары үчүн уюштурулат.  Вакцинация 2 жарым айлык ымыркайлардан баштап 1 жашка чейинки балдарга жасалат. Анткени, дал ушул курактагы наристелер аталган инфекцияга туруштук берүүгө жөндөмсүз келет. Профилактикалык эмдөө — балдарды инфекциялык оорудан коргоочу жападан жалгыз мүмкүнчүлүк. Учурда дарынын 361,8 миң дозасы сатылып алынды. Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79