wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom
×

Предупреждение

JUser: :_load: Не удалось загрузить пользователя с ID: 464

Күн желе: гитарада кол ойноткон жаш талант

Гитарада кол ойнотуп Таалай Бектургановдун чыгармаларын  аткарып келген жаш талант Сыймык Аттокуров. Ал Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу  Жылкелди айылындагы №105 Токтомуса Алимбеков атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу. Сыймык гитарадан сырткары комуз чертүүнү да үйрөнүп жатканын айтат.  Мектепте ар кандай майрамдык иш-чараларда мугалимдер менен окуучуларга ар дайым чыгармаларын тартуулап келет. Кененирээк төмөндөгү тасмадан көрө аласыздар.

Кененирээк ...

Күн желе: №74 - Артыкбай Шеркулов атындагы орто мектеби

Биз бул жумадагы чыгарылышыбызда Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айылындагы №74 - Артыкбай Шеркулов атындагы орто мектебине барып келбедик. Айыл жергесиндеги мектеп окуучулары бош учурун үй жумуштары менен өткөрүшөт. Ал айылдагы мектеп окуучулары  дыйканчылык, багбанчылыктын сырларын да өздөштүрүп алышкан. Андан сырткары ар кандай имараттардын макеттерин жасашып, жакында эле республика боюнча өткөрүлгөн өндүрүш жумалыгында да алдынкы орундарга жетишкен. Кененирээк ...

Күн желе:комузда кол ойноткон жаш таланттар. Видео

Кара-Суу районунун Акташ айыл өкмөтүнө караштуу Жылкелди айылындагы №105 Токтомуса  Алимбеков атындагы орто мектебинин окуучулары музыка сабагында комуз үрөнүп келишет. Кененирээк ...

Мугалим: окуучулар жаңы нерселерге кызыгат

Кара-Суу районундагы Акташ айыл өкмөтүнө караштуу Жылкелди айылындагы №105 Токтомуса  Алимбеков атындагы орто мектеби менен тааншытырабыз. Мектеп 520 окуучуга ылайыкташтырылган. Бугунку кундо 740 окуучу билим алууда. Бул билим уясы 2011-жылы курулуп пайдаланууга берилген. Окуучулар учун баардык шарттар түзүлгөн.

Кененирээк ...

Ош: окуучулардын эмгектеринин көргөзмөсү болду

30-март №12 мектеп-интернатында окуучулардын эмгектеринин көргөзмөсү болду. Бул туралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлады.  Кененирээк ...

Ош шаарынын окуучулары ишембиликке катышууда

Ишембиликке Ош шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринин эмгек жамааттары жана бала бакча кызматкерлери, мектеп окуучулары активдүү катышууда.

Кененирээк ...

Күн желе: Алай районунун Кабылан Көл айылында жаңы мектептин курулушу башталды

                   Алай  районунун  Кабылан-Көл  айылындагы  №25  Эшкул Мурзаев  атындагы  орто  мектептин  курулушу башталды.  Ага Жогорку  Кеңешинин  депутаттары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө депутаттар окуучуларга китептерди жана компютерлерди белекке беришти.

Кененирээк ...

Ош шаарында шайлоочулардын активдүүлүгү байкалууда

Ушул тапта бир эле № 53 25 шайлоо участкасында 1000ге чукул киши кезек күтүп турат.

Ошто шайлоо учаскаларынын бири Нооруз аттуу ресторанда жайгашкан. Калганы мектеп, мамлекеттик мекемелерде уюшулган. 

Кененирээк ...

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө

Бүгүн Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Өкмөт буга чейинки парламенттик шайлоодогу сыяктуу бул жолу да добуш берүүнү биометрикалык системанын негизинде уюштурду.

Бүгүнкү шайлоодо элди шаардык кеңештердеги шайлоолор көбүрөөк кызыктырууда. Ош шаардык кеңешине шайлоого 13 партия аттанган. Ош шаарында жалпы шайлоочулардын саны 117 миң 752 адамды түзөт.

Каракол шаарында шайлоочулардын саны 28 миң 609. Ал жерде шаардык кеңешке 13 партиядан 634 талапкер аттанган.

Ал эми 23 миң 966 шайлоочусу бар Балыкчы шаарында 14 партиядан 716 талапкер ат салышууда.  

Булак: Азаттык

Кененирээк ...

Күн желе: асмашамдарды колдо жасап көрдүнүз беле? Видео

Колдо жасалган асмашамдар үчүн эң эле жөнөкөй буюмдар керектелет. Бир жолу колдонуучу стакан аны бири бирине жармаштырчу буюмдар жана жарык берүүчү лампа. Эми стакандарды бириктирип, жарык берүүчү лампаларды жайгаштырып коюшубуз керек. Толук видеону төмөндөгү тасмадан көрө аласыздар.  Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79