wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom
×

Предупреждение

JUser: :_load: Не удалось загрузить пользователя с ID: 464

Ысык-Көлдө жээнин атып салды деп милиционер шектелип жатат

Каракол Ички иштер бөлүмүнүн милициясы өзүнүн жээнин атып салды деп шектелүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат кызматы билдирди. Милициянын айтымында, окуя кечээ Теплоключенка айылында болгон. Шектүү Ак-Суу районунун милициясына өзү келип, кылмыш кылганын айтып берген. Киши өлтүрүү фактысы боюнча бир катар экспертизалар дайындалды. Учурда окуянын чоо-жайы тактала элек.  Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш ишин козгоо маселеси чечилип жатат. Шектүү жаран камакка алынды. Кененирээк ...

Боомдо таш кулатылып, жол маал-маалы менен жабылат

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Боом капчыгайында поезд жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.  Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери бүгүн башталып 13-майга чейин улантылат. Мындан улам Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматы тарабынан саат 9.00дөн 15.00гө чейин жол маал-маалы менен жабылып турат. "Жолдо 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат", — деп айтылат билдирүүдө.  Ишкана таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөрүн кошумчалайт. Кененирээк ...

Ош: кыргыздардын тарыхы окуучулардын көзү менен

Ош шаарынын мектеп жана бала бакчаларында ачык асман алдында  байыркы кыргыздардын каада-салтын, маданияттын чыгылдырган концерттик порграмма уюштурулду. Анда байыркы Ош шаарынын эски сүрөттөрү, саймалуу таштарда түшүрүлгөн байыркы сүрөттөрүнүн көргөзмөсүн да болду. Кененирээк ...

Ош: окуучулар улуттар аралык достукту даңазалашты

Ош шаарындагы №1 Федченко мектебинде Улуттар аралык достукту даңазалаган концерттик программа уюштурулган.

Кененирээк ...

Ош: окуучулардын көргөзмөсү

Ош шаарындагы мектептердин башталгыч класс окуучуларынын эмгектери көргөзмөгө коюлду.  Анда мектеп мугалимдери Жогорку окуу жай мугалимдеринин, профессор, илимдин кандитаттарынын докладарын угушту. Ошондой эле окуучулардын колдорунан жасалган эмгектерин көргөзмөсү болду. Бул тууралу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Кененирээк ...

Милиция: аянттагы жоогазынды балдар уурдап, чоңдор саткан

Цыган улутундагы эки кыз кармалып, алар менен чогуу сегиз өспүрүм "иштегендигин" шаардык милициядан кошумчалашты. Кененирээк ...

Кытай Кыргызстанда чакан ГЭС курууга 4 млрд доллар инвестиция салууга даяр

Кытай компаниялары Кыргызстанда чакан ГЭСтерди курууга 4 миллиард долларлык инвестиция салууга даяр. Бул туурасында парламент депутаты Автандил Кулбараков кытайлык инвесторлор менен болгон жолугушуудан кийин билдирди.

Кененирээк ...

Ош шаарында “Тарых жана маданият жылына” окуучулардын иш чарасы болду

Ош шаарындагы №50 Нышанов атындагы мектеп –гимназиясында окуучулар байыркы Сулайман Тоо таштарынан табылган сүрөттөрдү түшүндүрүп, Областардын макеттерин жасап тарыхын айтып беришти жана Манас айтышып ыр бийлерин тартуулашты. Ошондой эле дүйнөлүк китеп күнүнө карата китептин элесин чагылдырып тизилишти. Бул самалыктар “Тарых жана маданият жылына” карата уюштурулган.

Кененирээк ...

Былтыр аскерде он жоокер мерт болгон

Былтыр Кыргызстанда аскер кызматын өтөп жаткан 10 жоокер каза тапты. Бул расмий статистика экенин "Азаттыкка" "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.  Анын айтымында, 2014-жылы 13 аскер мерт болгон. Ал эми 2012-2013-жылдары 39 жоокер өмүрүнөн ажыраган.  Дээрлик бардык фактылар боюнча иликтөө жүргүзүлүп, көбүнчө алар өз жанын өзү кыйган деген тыянак чыккан. "Бирок бир да ата-эне мындай бүтүмгө макул болгон эмес", дейт укук коргоочу. "Кылым шамы" быйыл аскерлердин укугу боюнча экинчи мониторингинин жыйынтыгын жарыялады. Буга чейинкиге салыштырганда бул жолу аскерге кабыл алуу процесси жана зомбулук фактылары катталган бөлүктөргө өзгөчө көңүл бурулду. Кененирээк ...

Ош шаарында ата-энелер балдарга жомок айтып берүүдө

Ош шаарынын бала бакчаларында жана мектептериндеги  мектепке чейинки билим берүү уюмдарында  “Ата-эненин жомогу” долбоору уланууда. Бул туралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы кабарлады. Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79