wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom
×

Предупреждение

JUser: :_load: Не удалось загрузить пользователя с ID: 464

Ош шаарынын бала бакчаларында жана мектептериндеги  мектепке чейинки билим берүү уюмдарында  “Ата-эненин жомогу” долбоору уланууда. Бул туралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык саамалык программа боюнча ата-энелери (чоң эне, чоң ата, таяата, тай эне ж.б.у.с) атайын түзүлгөн графиктин негизинде жумасына бир күн жарым саат милдеттүү түрдө,  ал эми милдеттүү түрдөн сырткары учурда каалашынча балдарга жомок айтып же окуп беришет.

“Биз балдарыбызга ар дайым китеп окуп берүү менен кызыктуу жомокторду да айтып беришибиз керек. Анткени жомок аркылуу балдарды туура тарбиялап,  патриоттуулука жана боорукер болууга үндөсөк болот”- деди Ош ББнын башчысы К. Кимсанов.

Ушул ич чаранын алкагында №48 балдар бакчасында “Окурман үй бүлө” аттуу таймаш ата-энелер арасында өткөрүлдү. Анда ата-энелер балдарына жомок айтып берүүсү жана жомокту көп билгичтиги, ал эми балдарынын уккан жомокторун эстеп калгандыгын аныктоо максатында өткөрүлдү. Таймашка катышкан ата-энелер да бул иш чаранын маанилүү жана кызыктуу экендигин айтышып, “Ата-эненин жомогу” иш чарасына активдүү катышарын билдиришкен.

Эскерте кетсек аталган иш чара “Ата-энелер мектеби” долбоорунун алкагында уюштурулуп келүүдө.


Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79