wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Кыргызстанда баш кошкондордун 15%ын өспүрүм курактагылар түзөт. Ар жылы 7-9 миңдей эселек кыз күйөөгө тиет. Мындай никенин 99%ы ажырашуу менен аяктайт.

ЮНИСЕФтин маалыматында, эрте турмушка чыгуу боюнча Кыргызстан Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин арасында 5-орунда турат. Өлкөнүн ичинен Ош облусунун Араван району 1-орунда.Эрте жашта турмушка чыгуу-ажырашуу 2011-жылдан бери кескин көбөйдү. Кыз-келиндер менен иштеген бейөкмөт уюмдун өкүлдөрүнүн изилдөөсүнө ылайык, эселек кезинде баш кошкондордун 1%ы гана турмушун улантып кете алат. Калгандары ар кандай себептерден улам ажырашып, балдары менен ара жолдо калууда.

Эми дин кызматкерлери нике кыюуда эки жаштын нике күбөлүгун талап кылат. Антпесе, 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Жогорку Кеңеш жубайларды жарандык никеден мурун расмий никеге милдеттендирген мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам депутат Аида Салянова тарабынан иштелип чыккан.

Гиннестин рекорддор китеби Кыргызстанда жасалган үч метрлик ак калпак тууралуу билдирүүнү кабыл алды. Бул тууралуу улуттук баш кийимди жасагандардын бирөө Солтобек Эркин жергиликтүү сайттардын бирине маалымдады. Эске салсак, март айында студенттердин тобу бийиктиги үч метр болгон калпак жасап, аны калпак күнүндө (5-март) шаар тургундарына тартуулашкан. Андан кийин студенттер аны Гиннестин рекорддор китебине каттатуу үчүн билдирме жөнөтүшкөн.

Музыканы кээ бирибиз көңүл көтөрүү, дагы бирибиз жымжырттыктан качуу, башкалар спорт менен машыгууда алаксыш үчүн же жүрөктөгү жагымсыз сезимдерди унуткаруу үчүн угабыз. Айтор, себептери көп. Бирок ар адамдын музыкага болгон табити ар башка.

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79