wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Ош шаарынын 3016-жылдыгына карата аялдамаларга бут кийим тазалоочу каражаттар орнотулат. Бүгүн кыймыл көп катталган  10 аялдамага коюлуп бүттү.

Бүгүн Ошто "Алтын күз" жарманкеси уюштурулду. Ноокат алмасы, жаңгак, Ажыкенин куруту, Кара-Кулжа балы жана башка жер-жемиштердин түрлөрүн мына ушул көргөзмөдөн кезиктирүүгө болот. Түшүм майрамы Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулган.  

Урматтуу ордолуу Ош шаарынын тургундары!

Сиздерди үч кылымдан ашуун тарыхы бар касиеттүү Ош шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктайм!

«Ош» дегендин өзү эле ыйык менен бийиктик, ырыскы менен береке деген сөзгө уйкаш. Тарыхый-археологиялык изилдөөлөр биздин түштүк баш калаабыздын Борбор Азияда эле эмес, дүйнөдөгү байыркы шаарлардын бири экенин айныгыс далилдеген. Ош деген сөз алгач IX кылымдагы араб булактарында кездешет.

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө токтомго Өкмөт башчы Сооронбай Жээебеков кол койду.

Бул токтом Алмалуу-Булак айылынын жер көчкүдөн жабыркаган тургундарына жана жер көчкү коркунучу бар башка участоктордун жашаган жашоочуларга жер участокторун берүүгө багытталган. Ага ылайык, Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 35 га кайрак айдоо жери “Айыл чарба багытындагы жерлер “категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери”категориясына которулат.

Кыргыз өкмөтү Өзбекстандан атайын делегацияны Кыргызстанга чакырат. Максат - кыргыз-өзбек кызматташтыгын күчөтүү деп маалымдады өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева. Жергиликтүү сайттардын бирине берген маалыматында ал өкмөт башчы тарабынан атайын тапшырма берилгенин кошумчалайт. Достук жолугушуусуна жооп катары уюштуруу иштери тапшырылган, бирок так мөөнөт аныктала элек.

Бүгүн Ош шаарынын күнүнө карата майрамдык иш-чаралар башталды. Алгач  калаа башчы Айтмамат Кадырбаев  Кытай, Оруссия, Казакстан,Тажикистан республикасынан келген  өкүлдөрдү расмий кабыл алды. Мындан тышкары майрамга карата Кыргызстандын 7 облуснунан да өкүлдөр келген.

Нан бизнесинен бир набайкана күнүнө болбоду дегенде 10 миң сом табат. Ал эми нанды алып саткандар эки-үч миңдей акча табышат. 

"Саякбай" тасмасы 2017-жылы көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Саякбай манасчы" коомдук фондунан кабарлашты.

Маалыматта айтылышынча, тасма мындан эки ай мурун тартылып баштап, тартуу ишин фонддун жетекчиси Самат Ибраев демилгелеген. Ал долбоорго жүз миллион сом бөлүп, жыл башында сценарийге сынак жарыялаган. Натыйжада белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаровдун жазган сценарийи мыкты деп табылып, тасманы тартуу Саякбай Каралаевдин мекени Тоң районунда башталган. 

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79