wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Алча – эң пайдалуу диеталык мөмө-жемиш. Анын курамында организмге пайдалуу темир, цинк, йод, жез, ошондой эле лимон, алма кычкылдары жана калий, кальций, магний сыяктуу көптөгөн заттар бар. Андан тышкары А, С, Е, В1, В2, РР витаминдерин өзүнө камтыйт. Калориясы төмөн, бирок витаминдерге бай бул мөмөнү арыктайм дегендер каалашынча жей беришсе болот. 

Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлгөн автокербен 3-октябрда, Ош шаарынан жөнөп кетти.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругуна ылайык, Афганистан Ислам Республикасындагы  Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга   гуманитардык жардам  товар, азык-түлүк, дары-дармек, жылуу кийимдер жана боз үй түрүндө уюштурулду.

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы жана Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча Насыялык макулдашууларды жактырды.

Жаш жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору жактырылды. Аны 3-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 3-окууда карап, талкуусуз кабыл алды.

Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык жаштар комитетинен билдиришти. Иш-чаранын алкагында кызыктыруучу оюндар ойнотулуп, факель кармаган жаштар "Ош" жазуусун Сулайман-Тоонун үстүнөн жандырышат. Ал үчүн 150 мырза тартылган.

5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулган иш-чаралардын бир катары бүгүн өтөт. "Жеңиш" эс алуу багынын ачылышына карата Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан "Сүйүктүү Ош шаарым" аталышындагы иш-чара болот.

Ага түрдүү улуттун өкүлдөрү катышып, Ош шаарына болгон сүйүүсүн ыр-бий аркылуу даңазалайт. Келген коноктор сейил бакта орнотулган лайт-бокстар менен таанышат.

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79