wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов окуучулардын тамагына деп жылына бөлүнгөн миллиондогон акчага китеп сатып алган максаттуураак деп эсептейт. Анын сунушун азыр коомчулук талкуулап жаткан кез.

“Ынтымак” 1-4-класстын ар бир окуучусунун тамагына деп күнүнө бөлүнгөн 7 сомго эмне келээрин эсептеп көрдү.

Кыргызстандын 19 жашка чейинки футбол курамасы Казакстан командасы менен тең чыкты.Жолдоштук беттеш 1-октябрь күнү Талагр шаарында өттү. Оюндун биринчи бөлүгү тең салмактуу өтүп, эки тарап дарбазаларына гол кирген жок. 67-мүнөттө Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Эрнист Батырканов эсепти ачты.

1-октябрда, Кыргызстандан 130дан ашык адамдан турган делегация Өзбекстанга бир күндүк иш-сапар менен барып келишти. Бул сапар – эки мамлекеттин ортосундагы мамилени бекемдеп, тоңуп бараткан ымаланы ээритүүгө багытталган. Кыргызстандык делегаттарды 1-вице премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеди. Аларды Өзбекстандын премьер министринин орун басары Адхам Икрамов башында турган расмийлер тосуп алышты.

Кыргызстанда интернетке болгон баанын кымбатташы боюнча маселе 5-октябрда Алматада өткөн жыйында чечилиши мүмкүн. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттикттин директору Болсунбек Казаков "Марал" радиосуна билдирди. 

Мамлекет башчысынын буйругу менен жаш курагы 100 жылдан ашкан өлкөнүн 238 жаранынын ар бирине 10 000 сом өлчөмүндө материалдык жардам берилди. Ал  1-октябрь Карылардын Эл аралык күнүнө байланыштуу уюштурулуп,  2 млн 380 миң сом бөлүнгөн.

Карыларга бир жолку социалдык колдоо иретинде акчалай каражат менен бирге майрамдык дасторконуна азык-түлүк корзинасын тапшырылды.

Болгария парламенти коомдук жайларда оронуп жүрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка таянсак, расмий иш-сапар учурунда, коомдук жайларда, кафе, ресторандарда хиджабчан жүрүүгө болбойт. Мындан сырткары, билим берүү мекемелеринде де оронуп жүрүүгө тыюу салынды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 1-октябрда Бишкекке кайтып келди. Мамлекет башчысы  Россия Федерациясынын Президентинин Москва шаарындагы Иш башкармасынын Борбордук клиникалык ооруканасында дарыланды.

Бул үчүн жыл сайын мамлекеттик бюджеттен 450 млн сом бөлүнөт. Бүгүнкү күндө бардык мектептерде башталгыч класстын 440 миңден ашуун окуучусу үчүн күнүнө бир маал ысык тамак уюштурулган. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Экстремизм идеяларынын жайылышына тынчсызданган тажик бийлиги өлкөнүн өзбек тилдүү калкы арасындагы түшүндүрүү иштерин алардын эне тилинде жүргүзүү чечимин кабыл алды.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Козголоңчулар көзөмөлдөгөн Алеппонун чыгышында психикалык жактан ооруган балдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу аймакта иштеген дарыгер билдирди.

Страница 1 из 2

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79