wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Ош облустук ички иштер башкармалыгында кыргыз милициясынын 92 жылдыгы белгиленди.Майрамдык иш чарада коомдук тартипти  коргоого салымы чоң 290 кызматкерге кадырман ,ардагер медалдары, ардак грамоталар ыйгарылды.

Москванын борбордук бөлүгүндөгү гүл бакчага Өзбекстандын президенти, маркум Ислам Каримовдун аты ыйгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда шаардык мэрия тарабынан маалымдалды. Гүл бакча “Большая Полянка” көчөсү жана “1-Казачьего” тар көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Мэриядан билдирилгендей, Каримовдун ысымын ыйгаруу демилгеси орус, өзбек илимий ишкерлери жана саясатчылары тарабынан сунушталган.

Жогорку Раданын депутаты (Украина) Надежда Савченко Петр Порошенкону алсыз президент деп атады. Депутат мындай пикирин “112” телеканалына берген интервьюсунда билдирди.

Ырчы Казалинск шаарындагы концертине бара жатып кырсыктаган.

Белгилүү казак ырчысы Кайрат Нуртас жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги кабарлайт. Маалыматка ылайык, ырчы Казалинск шаарындагы концертине бара жатып кырсыктаган.

Ырчынын апасы жана продюссери Гульзира Айдарбекова Instagram баракчасына Нуртас анча коркунучтуу деле жараат албаганын жазган. . "Учурда баары жакшы. Бир аз жаракат алганына карабай Кайрат Нуртас концертин үзгүлтүккө учуратпастан, сахнага чыкты", — деп жазат Айдарбекова.

Белгилей кетсек, жакында Кайрат Нуртас Кыргызстанга гастролдоп келген.

Булак: Спутник

3-ноябрда Бишкекте өтө турган ШКУнун (Шанхай кызматташтык уюму) өкмөт башчыларынын жолугушуусун 3 миңден ашуун укук коргоочу көзөмөлдөйт. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда КРнын ИИМнин өкүлдөрүнүн берген маалымат жыйынында белгилүү болду.

Күз, кыш мезгилинде Кыргызстанда жыл сайын сасык тумоо жана дем алуу органдарынын түрдүү вирустарды козгоочу, курч кармоочу жугуштуу ооруларынын саны өсөт. Ар жылкы маалыматтарга таянсак, 1 жылда ооругандардын 65% ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Бул жылы мындай оорулардын көбөйүү процесси ноябрь айында катталышы ыктымал. Ооругандардын саны январь, февраль айларына барып азаят. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министирлиги маалымдайт.

Италияда күчү 6,6 магнитудага жеткен жер титирөө катталып, миңдей киши үйүн таштап чыгып, чатырларда, унааларда жана башка жерлерде түнөп калышты.

Ош жылуулук ишканасы келерки жылы муниципалдык ишкана болот. Бирок ага карабай, жыл сайын шаарды жылытууда Ош шаардык мэриясынан каражат бөлүнүп турат. Учурда муниципалдыкка өткөрүү аракеттери жүрүүдө. Мындай маалымат Ош шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 5-сессиясында айтылганын жеринен кабарчыбыз Бегимай Асанова билдирди.

Кыргыз Республикасы мурдагы советтик республикалардын ичинен Улуу Октябрь Социалисттик революциясын майрамдаган жалгыз өлкө. Ага ылайык, Кыргызстанда 7-ноябрь эс алуу күнү катары жарыяланган. Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы берген маалымат боюнча, Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, 7-ноябрь календарда иш эмес майрам күн болуп эсептелет.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) 24-октябрга карата 160 миллион 753 миң доллар насыя бергени фонддун сайтына жарыяланды.

Страница 1 из 2

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79