wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын кезектеги Кыргызстандагы интернет ресурстарына болгон тарифтик кырдаал талкууга алынды. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги баштаган тармакка тиешелүү мекемелердин маалыматы уктурулду.

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясында лидер алмашканы расмий жарыяланды. Фракциянын бүгүнкү жыйынында Канатбек Исаевдин ордуна Алмаз Батырбеков төрага болуп шайланды. Анын талапкерлиги бир добуштан көрсөтүлгөн.

970-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жер бетиндеги сүт эмүүчүлөр, канаттуулар, жерде-сууда жашоочулар жана сойлоп жүрүүчү жаныбарлар дээрлик 60% азайды. Бул тууралуу Жапайы жаратылыш дүйнөлүк фондунун жаңы жарык көргөн докладына шилтеме берип БиБиСи маалымдады. 

Өз саякатын “Улуу айлампа” деп атаган кыргызстандык саякатчы Союзбек Салиев  өз мекенине учуп келди. Ал жер шарын 64 күндүн ичинде айланып, Атлантика океанынан учуп өткөн. Аны "Манас"эл аралык аэропортунан үй-бүлөсү жана бийлик төбөлдөрү салтанат менен тосуп алышты.

Жогорку Кеңештин депутаттары жана жогорку кызматтагы жетекчилер актёр Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу үчүн 331 840 сом беришти. Бул тууралуу акциянын уюштуруучусу Ассоль Молдокматова билдирди. 

Бүгүн  Ош шаарында муниципалдык кызматкерлер сыйланышты. Калаадагы автомобиль жана транспорт кызматкерлеринин майрамы менен жергиликтүү бийлик куттуктады.

Бийлик өкүлдөрү шаардын  социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө  транспорт кызматкеринин салымы чон экендигин белгиледи.

Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык Эльвира Сариева Кубанычбековна Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Ал кызматтан кетүү тууралуу өзү берген арызынын негизинде жумуштан алынды.

Жогорку Кеңештин Айым-депутаттар форумунун кезектеги жыйынында “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндөгү" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору Өкмөттүн жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууга алынды.

Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында 61 студентке мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев стипендия тапшырат. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүнөн “Азаттык” радиосуна билдиришти. 

Бүгүн Бишкектин Көк-Жар микрорайонундагы Ашым Зайналиевдин жеке медициналык ооруканасы жабылат. Өзүн “табып” атаган жаран лицензиясы жок туруп, онкологиялык оорулууларды дарылап келген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо минитрлигинин өкүлү Елена Баялинова билдирди.

Страница 1 из 2

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79