wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Адистердин маалыматына караганда, китеп окуган жаштардын саны кескин кыскарып кеткен. Алар китеп окуганга караганда, видео көргөнгө ыктап баратышат. Жаштар арасында китеп окууга кызыгуунун төмөндөп кетүүсүнө эмне себеп? Ушул маселе боюнча окурмандарга ой таштайбыз.

Бүгүн  Жалал-Абад областынын милиция кызматкерлери үчүн 100 батирлүү көп кабаттуу үйдүн алгачкы капсуласы салынды.  Ички иштер органдары үчүн атайын көп кабаттуу үйдүн курулушу Жалал-Абад областынын тарыхында алгачкысы.

Жалал-Абадда иштеп жаткан милициялардын көпчүлүгүнүн турак-жайы жок.  Бул курулуш соңуна чыгып калса, милиция кызматкерлери үчүн дагы бир маселе оңуна чечилет дейт ИИМдин өкүлдөрү. 

Бүгүн, 27-октябрда аскердик милдетин аткарып бүткөн 90 жоокер лейтанант наамын алышты. Алар бир жыл бою Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында кызмат өтөшкөн жана бир айлык окууну аякташкан. Жоокерлерге сертификат жана лейтанат чинине ээ болушту. Бул мырзалардын күч органдарына кызматка орношуусуна шарт түздү.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин билдирүүсү боюнча кыргызстандыктар катары менен үч күн эс алат.

Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Илмиянов Икрамжан Саттарович Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчисинин кызматынан бошотулду.  Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынан билдиришти.

"Ынтымак" КРТРКнын программалык директору "Интерньюска" берген маегинде "Ынтымак", вебинарлар жана өзүнүнүн журналисттик тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Ушул күндөрү Кыргызстанды жүрөк үшүн алган окуя толкутту. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жергиликтүү тургундар менен имамдар каза болгон аялды жерге берүүгө тыюу салышты. Каршылыкка карабай көмүлгөн сөөктү кайрадан каздырышты. Муну алар көрүстөн мусулмандардыкы экени, а маркум аял көзү тирүү кезинде христиан-баптистик динин тутунганы менен түшүндүрүштү. Жыйынтыгында сөөктү жерге үч жолу беришти.

Вице-премьердин милдетин аткаруучу Гүлмира Кудайбердиева менен КМШ өлкөлөр аралык гуманитардык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык фонду башкармалыгынын тең төрагасы Михаил Швыдко 26-октябрда КМШ мамлекеттеринин илимий интелегенциясы катышкан XI чыгармачыл форумга келген делегация менен Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө барды.

Кечээ, 26-октябрда Өзбекстан делегациясынын 140дан ашуун Ош мамлекеттик университетинде болушуп, университеттин Медицина, Эл аралык медицина, Медициналык клиникасы турган Ак-Буура кампусу менен жакындан таанышышты.

Ар бир ырдын, ар бир чыгарманын тарыхы бар. Бул ирет баарыбызды балалыктагы алтын күндөргө алып барчу "5-"б" класста" ырынын жаралуу тарыхына токтолобуз. Аталган чыгарманы акын Жолон Мамытов өзүнүн классташына арнап жазган. Ырга экинчи өмүр берген обончу Абдыманап Төрөбеков жеке концертине ал инсанды чакырып, элге тааныштырат. Анда төмөнкү шилтемеден толугу менен көрүңүздөр. 

Страница 1 из 2

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79