wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов, окуу жайда студенттердин алдында сүйлөп жатып, Кыргызстандагы Ош мамлекеттик университетинин окутуудагы жакшы практикасын ала тургандыктарына токтолду.

Бүгүн өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев «Snow Leopard Trust» эл аралык уюмунун аткаруучу директору Майкл Деспинес менен жолугушуп,  2017-жылы Кыргызстанда боло турган илбирсти коргоо боюнча саммитке даярдыкты талкуулады.

Ал эми 23-октябрда Ак илбирстин эл аралык күнү белгиленди. Бул майрам 2013-жылы Бишкектеги Бүткүл дүйнөлүк форумда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен негизделген. Ошондогу жолугушууга ак илбирс байырлаган 12 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан эле. Форумда Ак илбирсти сактоо боюнча Бишкек декларациясы жана Ак илбирс экотутумун калыбына келтирүү глобалдык прораммасы кабыл алынган.

Баш мыйзамдын кол жазмасы табылса, парламент депутататтары элдик референдуму жок эле Конституцияга өзгөртүү киргизе алышат. Ушундай пикирин укук коргоочу Токтайым Үмөталиева маалымдады. Айтымыда Конституциянын түп нускасы деп мамлекеттик "Эркин-Тоо" гезитине чыккан текстти негиз катары да колдонсо болот. Бирок мында мыйзамдын айрым беренелерине өзгөртүү киргизүү үчүн элдик референдум өтүшү зарыл.

Дүйнөлүк банк Doing Business 2017 аттуу жыл сайын өтүүчү рейтингин жарыялады. Эксперттердин бүтүмүнө ылайык, Орусия эки жыл катары менен бизнести жүргүзүү боюнча абалын жакшыртып, 51-орундан 40-орунга жылды.

"Бугристое" пунктунда Россиянын федералдык коопсуздук кызматынын Челябинск облусу боюнча чек ара башкармалыгы тарабынан Кыргызстандан 547 кг сүт азыгын жеткирүүгө аракет кылган эки унаа кармалган. Бул тууралуу DairyNews.ru булагы кабарлады деп жазат “Вечерний Бишкек”. 

Өзбекстанстан коңшулук мамилени чыңдоо үчүн Кыргызстанга делегация жиберди. Коңшу өлкөнүн атайын өкүлдөрү бүгүн Ош шаарына келишти. Өзбекстандын вице-премьер-министри Адхам Икрамов жетектеген делегацияны Кыргызстандын өкмөт өкүлдөрү “Достук” чек ара бекетинен тосуп алышты.

Айымдар үчүн алты кеңеш

26-октября, 2016 11:25

1 Бадыраңды консервалоодо суусуна бир аз кургак горчица кошуп койсоңуз бадыраңдар даамдуу болот жана көпкө бузулбай сакталат.

2 Картошка кууруп жатканда ага бышарга жакын туз кошуу керек. Эгерде башында эле кошуп койсоңуз, картошка карарып калат.

3 Тамакка өнүп, жашыл түскө өтүп кеткен картошканы пайдаланууга болбойт. Мындай картошкада соланин деген уулуу зат болот.

Негизи коалициянын курамындагы фракциялар Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү иши башталганда эле эки жаат болуп, бөлүнүп башташкан.   Мындан улам өз ара чыр чыгып, пикир келишпестиктер көбөйгөн. Бул тууралуу “Ынтымакка” "КСДП" фракциясынын депутаты Айнура Алтыбаева билдирди.

Ак илбирс кыргыз элинин тарыхында жана салтында ыйык мааниге ээ, эркиндиктин жана көз карандысыздыктын символу. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев «Snow Leopard Trust» эл аралык уюмунун аткаруучу директору Майкл Деспинес менен жолугушуу учурунда билдирди.

Көпчүлүк коалициянын таркашы коомдун талкуусунда. Кайчы пикирлер жаралып, эки жаатка бөлүүнү туура эместиги айтылууда. Бул мамлекеттин ишинде туруктуулукту жоготуп, элдин ишеничин кетирет. Мындай пикирин саясат таануучу Айылчы Сарыбаев билдирди.

 Анын баамында коалициянын таркашына баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү себеп болду. Мында пикир келишпестиктер жаралып, тил табышуу жолу болбоду. Албетте эми өкмөт түзүмү алмашып, алдыда өзгөрүү жана толуктоолор болору турган иш.

Страница 1 из 2

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79