wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун №25 А. Тажибаев атындагы орто мектебинин окуучусу өз жанын кыйды. 23-октябрда асынып алган Шерзад Алимбеков 9-класта окучу. Атасы Талантбек Алимбеков билдиргендей, уулун бир жума мурда Октябрь аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кармап кетишкен. Тартип сакчылары аны 10 миң сом уурдаган деп айыптап, мойнуна алдырышканы айтылууда деп жазат Азаттык.

Кара-Суу районунун аймагында кош бойлуу аял унаа уурдоого шектелип кармалганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Жалгыз бой келин мончодо унаанын ээси менен уруша кеткендиктен ушундай кадамга барганын айткан.

Ош мамлекеттик университетинде 2016-жылдын 26-октябрында “Бүгүнкү мектеп: жетишкендиктер, инновациялар жана көйгөйлөр”  аттуу илимий-практикалык конференция болуп өтөт.  Ага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы мектептерден мугалимдер жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн 300 гө чукул өкүлдөр катышышат.

Бүгүн, 25- октябрда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректорлугуна шайлоо өттү.  Он талапкер ат салышып, анын үчөө шайлоого жакын баш тарткан.

Шайлоонун жыйынтыгы менен ЖАМУнун буга чейинки ректору А. Абдрашев-171, техника илимдеринин доктору К. Усенов-168, филология илимдеринин доктору Б.Дарбанов-10, тарых илимдеринин кандидаты Э. Авазов-26, Ж. Матисаков – 0, Р. Пакирдинов-0, Ж. Матисаков- 0, А. Кошбаев – 0 добушка ээ болушту.

Астана кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү 26-октябрда алышы ыктымал. Бул тууралуу Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциянын төрага орунбасары Амангелди Исаев билдирди.

Өкмөт отставкага кетти

25-октября, 2016 14:28

КСДП фракциясы Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын курамынан чыккандан кийин өкмөт отставкага кетет. Бул тууралуу социал-демократтардын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, бул Баш мыйзамдын талабы.

Кыргызстан 20 жыл ичинде жалпысынан 10 миңге жакын качкынды кабыл алган. Бирок, алардын көпчүлүгү кырдаал тынчыган соң кайра өз мекенине кайтышкан. Бул тууралуу Ынтымактын "Чарпалек" берүүсүндө сөз болду.

Памирлик кыргыздардын балдары үчүн баштапкы билим берүүчү дагы бир мектеп тургузулуп жатат. Бирок мектеп курулганы менен  окуу куралдары жана тиешелүү китептир жетишсиз. Бул тууралуу жакында эле Памирден кайткан экспедиция мүчөсү Расул Авазбеков “Ынтымакка” билдирди.

 23-октябрда кечки сат беш чамасында Казарман айылынын тургуну Кошой Молдобаевдын үйүндө курулуш иштерин жүргүзүп жаткан 37 жаштагы Илхом жана 40 жаштагы, Кадыр аттуу жарандар (фамилиялары белгисиз) мончого барабыз деп чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Ош облусунун Араван районуна караштуу Ачы айылынын (А. Анаров айыл аймагына карайт) китепканасына баш баккандардын саны артты. Анда күнүнө болжол менен 20 га жакын окурмандар келүүдө. Дал ушул №11 китепкана жамааты райондогу эң мыкты китепкана наамына ат салышып жатат. Аталган китепкананын башчысы Х. Ганиева жаз-жай айларына караганда азыр окурмандар эки эсеге көбөйгөнүн кабарчыбыз Нуржамал Баргыбаевага билдирди.

Страница 1 из 2

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79